Суу ташкыны, өрт, шамал. Дүйнөдө табигый кырсыктар өкүм сүрүүдө

Суу ташкыны, өрт, шамал. Дүйнөдө табигый кырсыктар өкүм сүрүүдө
26-Ноя. 2018, Дүйшөмбү, 17:38

Ноябрь айында дүйнө жүзүндө кырсыктар көп катталды. Испаниядагы белгилүү курортторду суу каптады. АКШнын айрым аймактары өрттөндү. Таиланд жана Вьетнам «Тораджи» тайфунунун кесепеттеринен жабыркап жатса, Индияда катуу шамал жана нөшөрлөгөн жамгыр курмандыктарга алып келди. Ал эми Гватемалада июнь айында 160 адамдын өмүрүн алган Фуэго вулканы кайрадан жанданды.

Испания

Испаниянын популярдуу курортторунун көбү жайгашкан Тенериф жана Балеарс аралдары катуу жамгырдан улам сууда калды. Тенериф аралдарында толкундун бийиктиги 10 метрге жетип, мейманканалардын балкондорун алып кетти.

Малага шаарында шамал бир нече кафе жана ресторандарды жабыркатты. Галисияда улгайган аялдын сөөгү табылды. Ал үйүн суу каптаганда чөгүп кеткен.

Валенсия жана Аликантта аба ырайынын катаал шартынан кооптуулуктун деңгээли “кызыл” түскө, ал эми Балерада өзгөчө кырдаалдар кызматы “сары” түстү көрсөттү. Канар аралдарында метеорологдор аба ырайынын жакшырганын байкап, «сары» түстү берди.

“Кызыл” деңгээл аба ыраайы өтө кооптуу экенинен кабар берет. “Сары кызыл” (Оранжевый) түс айрым аймактарда кооптуу экенин (нөшөр, чагылган, мөндүр, ысык, суук, кар) билдирет. Булар социалдык-экономикалык ишмердиктерге таасир этет.

“Сары” түс кырсыктар өтө кооптуу (нөшөр, чагылган, шамал, жогорку жана төмөнкү температура) дегенди билдирет.

АКШ

Калифорнияда айдын башында башталган токой өртү 80 адамдын өмүрүн алды. Көз жумгандардын көбү Бьютт округунан. 1 миң 300 адам дайынсыз болууда. 300 миңдей тургун көчүрүлдү.

“Camp” деген аталышты алган өрт 8-ноябрда башталып, штаттын тарыхына эң кыйраткыч жалын катары жазылды. Өрт 500 чарчы чакырым аянтты жалмады.

Өлкөнүн батышында абал ушундай болсо, АКШнын чыгышында суук катуу. CNN телеканалынын маалыматына караганда он миңдеген тургундар жарыксыз отурат.

Вьетнам жана Таиланд

Таиландда «Тораджи» тайфуну жакындагандыктан аба ырайынын бузулду. Жамгыр жана катуу шамал болду.

«Нөшөрдөн улам шаар боюнча кыйроолор катталды”,-деп кабарлаган VnExpress басылмасы.

Индия

Индиянын түштүк-чыгышындагы Тамилнад штатында «Гаджа» циклонунан 35 адам көз жумду. Бул туурасында “Oneindia” маалымат порталы жазган.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жабыркаган аймактарга жардам көрсөтүлөөрүн билдирди. Учурда бийлик кырсык алып келген чыгымдарды эсептөөдө.

Гватемала

Ал ортодо Гватемаледе июнь айында атылып, 160 адамдын өмүрүн алган Фуэго вулканы ойгонду. Айланасындагы райондордо жашаган эл коопсуз аймактарга көчүрүлгөнүн Гватемаланын сейсмология, вулканология, метеорология жана гидрология улуттук институтунан кабарлашкан.

Жаратылыш кырсыктарынны кесепеттерин азайтуучу улуттук кызмат (CONRED) жергиликтүү бийликке, муниципалитеттерге элди көчүрүүнү эскерткен. Аталган кызмат вулкандын активдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүп жатканын, калк менен тыгыз байланышта иш алып барарын кабарлаган.

Божомолдор

Окумуштуулар дүйнө жүзүндө суу каптоолор көп болуп жатканын айтып келишет. Бул тууралуу жаңы изилдөөнү «Геофизикалык изилдөөлөр» (Geophysical Research Letters) журналына жарыялашкан.

Изилдөөнүн автору Анджелина Дж. Пендерграсс жана Рето Кнутти 1999-2014-жылдар аралыгындагы жер алдындагы 185 станциянын маалыматтарын пайдаланган. Жыйынтыктар окумуштууларды таң калтырган. Анда Жерге жаай турган жарым жылдык жамгыр 12 күндө жааганы белгилүү болгон. Иликтөөлөр суу ташкындары көбөйөрүн, абал анча жакшы эместигин көрсөткөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Бишкекте балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсү батирлүү болушту
Бишкекте балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсү батирлүү болушту
Die Welt: “Путин жеңишке согушсуз жетти”
Die Welt: “Путин жеңишке согушсуз жетти”
Кытайлык байлар америкалык байлардан ашты
Кытайлык байлар америкалык байлардан ашты
Сауд фонду Кыргызстанга 20 млн доллар насыя берүүгө даяр
Сауд фонду Кыргызстанга 20 млн доллар насыя берүүгө даяр
Педагогикалык билими жок мугалимдер 30%га жогорулаган айлык акы алышат
Педагогикалык билими жок мугалимдер 30%га жогорулаган айлык акы алышат
Ысык-Көл биосфералык аймагын коргоого багытталган мыйзам жактырылды
Ысык-Көл биосфералык аймагын коргоого багытталган мыйзам жактырылды
Бишкектин айрым аймактарында бир күн бою суу берилбейт
Бишкектин айрым аймактарында бир күн бою суу берилбейт
Элмира Тагаева: “Жашоомду театрсыз элестете албайм”
Элмира Тагаева: “Жашоомду театрсыз элестете албайм”
​Конор Макгрегор 24-октябрда Москвага келет
​Конор Макгрегор 24-октябрда Москвага келет
Аскаров БЭАнын экономика министри менен жолугушту
Аскаров БЭАнын экономика министри менен жолугушту
Кыргызстанда «Үмүт» кино форуму өтөт
Кыргызстанда «Үмүт» кино форуму өтөт
2020-жылы кандай чачтар модада?
2020-жылы кандай чачтар модада?
 “Алтын топ -2019”: Жылдын футболчусуна 30 талапкер көрсөтүлдү
“Алтын топ -2019”: Жылдын футболчусуна 30 талапкер көрсөтүлдү
Кандай даамдар бат салмак кошконго себеп болот?
Кандай даамдар бат салмак кошконго себеп болот?
 Жээнбеков Токиодогу «Tokyo Rope MFG» корпорациясынын башкы кеңсесине барды
Жээнбеков Токиодогу «Tokyo Rope MFG» корпорациясынын башкы кеңсесине барды
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды