Россия 2018-жылы эмне тапты, эмне жоготту?

Россия 2018-жылы эмне тапты, эмне жоготту?
8-Янв. 2019, Шейшемби, 07:37

АКШнын Сириядан аскерлерин чыгаруу тууралуу күтүүсүз чечими Россияны аталган аймакта жеңишке жетишкен тарап катары көрсөткөндөй болду. Бирок президент Владимир Путин Сирияда жана дүйнөнүн башка жерлеринде кыйынчылыктарга кезикти. Анын үстүнө батыш мамлекеттери орус экономикасын алсыздаткан санкцияларын дале токтото элек. Путин үчүн төмөндөөлөр жана бийиктиктерге толгон 2018-жылга байланыштуу саптар төмөндө белгиленди.

Сирия жана Ортоңку Чыгыш

Россиянын Сирияда Башар Асад бийлигин колдоону өтө төмөнкү каржы менен жүргүзгөн аскердик аракет планы Москвага кайрадан Ортоңку Чыгыштын башкы оюнчуларынан болууга түрткү болду. Бирок сегиз жылдан бери уланып келе жаткан ички согуштун кесепетине учураган Сириянын кайрадан жаңылануусу үчүн керектүү миллиарддаган долларлык каражаттары жардам берүүгө алигиче батыш өлкөлөрүн ынандыра алган жок.

АКШнын президенти Дональд Трамптын аскерлерин Сириядан чыгарып кетүү чечимин Россиянын таасирин күчтөөрүн белгилеген серепчилер ошол эле мезгилде бул абал өзгөрүп кетиши мүмкүн экенин белгилөөдө.

Анткени аймакта таасирин көбөйтүүнүн көздөгөн Түркия, Иран жана Израилдин ортосундагы чаташкан кызыкчылыктарды тең салмактоо ролу Россияга жүктөлөт.

Афганистан жана Орто Азия

Трамптын Афганистандагы аскерлеринен 5 миңин чыгарып кетүү чечими Россия үчүн жаңы көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Путин көп жылдардан берки же Афганистанда 17 жылдан бери уланып жаткан аскердик аракеттерге карабастан өлкөдө туруктуулукту орното албагандыгы үчүн АКШны сөз кылып келген. Бирок Америка аскерлеринин аймакта азаюусу Россиянын алсыз Орто Азия тарабындагы согушкерлердин баш көтөрүүсүнө, кооптуу, туруксуздук процессин башталышына шарт түзүшү мүмкүн.

Бул коркунучка даярдык максатында Афганистан чек арасын күчтөндүрүү үчүн Россия өзгөчө аскердик базасы жайгашкан Тажикстанга көбүрөөк инвестиция кылуу муктаждыгын сезет. Россия Орто Азиядагы башка өлкөлөрдөгү таасирин кеңейтүүгө аракет кылат. Бирок мунай бааларынын арзандыгы жана Батыштын санкцияларынын жыйынтыгында кыйналган орус экономикасы Путиндин колун байлашы мүмкүн.

Батыштын санкциялары жана Путиндин популярдуулугу

АКШ жана Европа биримдиги (ЕБ) Россиянын 2014-жылы Крымды алганы, Украинанын чыгышындагы жикчил күчтөргө колдоо көрсөткөнү, 2016-жылдагы Американын президенттик шайлоого аралашканы, акыркысы катары Россия жана Англиядагы тыңчы Скрипалдын уландырганын негиз кылган санкциялардан баш тартчудай эмес.

Анткен менен бул санкциялар Россиянын эл аралык капитал базарларына жетишине тоскоолдук жаратуу, Батыштан энергетика жана технология импортун чектөөгө жана эл аралык инвесторлорду коркутууну улантууда.

Путин АКШ жана анын союздаштарын Россиянын көз карандысыз багыттарынан улам жазаландыргысы келерин айтып айыптап келет. Мамлекеттин көзөмөлүндөгү медиа уюмдары аркылуу айтылып келген мындай кептер батыштын душмандашуусун арттырууда.

Көз карандысыз Левада борборунун сурамжылоолоруна караганда он орустун алтоо АКШ, бешөө ЕБ тууралуу терс пикирлерин айткан.

Мындай жыйынтыктар Путиндин айкандары ички саясатта чагыларын, Путиндин популярдуулугун күчтөндүргөнүнөн кабар берет.

Путин компромисске барабы?

Россия экономикасы акыркы эки жылдан берки жайлап калган. Бул жылы 1,8 пайызга өсөөрү күтүлүп жаткан. Бирок экономикасы мунай, жаратылыш газына таянгандыктан бул өсүштүн ишке ашуусуна тоскоол болушу мүмкүн. Кирешенин аздыгынан өкмөттүн пенсия жашын жогорулатуу сыяктуу чечимдери Путиндин популярдуулугун төмөндөткөндөй болду.

Серепчилер Путиндин эл аралык мамилелердеги компромисс бербеген абалын эске алып, Москванын алсыздыгынын белгиси катары компромисске барбайт.

Максаты батыштын көңүлүн буруп, коруу жана урмат пайда кылуу экендигин белгилеген адистер Россия бир тараптуу компромисске келбей тургандыгын, акырын чейин өз шарттары менен каларын белгилешүүдө.

Путиндин сөздөрүнөн белгилүү болуп тургандай Батыш менен Россиянын ортосунда орток күн тартибинин жоктугу мамилелериндеги туруксуздукту тереңдетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
"Жөө Күлүк" тасмасы Шотландияда өтчү кинофестивалда көрсөтүлөт
22 жылда жол куруу тармагына 1 млрд 956 млн доллар алынган
22 жылда жол куруу тармагына 1 млрд 956 млн доллар алынган
25-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат
25-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Кыргызстанда Кытай жарандарына виза берүү токтотулду
Кыргызстанда Кытай жарандарына виза берүү токтотулду
​Криштиану Роналдунун келинчеги зер буюмдарын көрсөттү
​Криштиану Роналдунун келинчеги зер буюмдарын көрсөттү
Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт
Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт
Биримдиктен бөлүнгөн Англия паспортунун өңүн өзгөрттү
Биримдиктен бөлүнгөн Англия паспортунун өңүн өзгөрттү
Бетиңизге кам көрүүчү жазгы витаминдүү маска
Бетиңизге кам көрүүчү жазгы витаминдүү маска
Бишкекте эл аралык мода жумалыгы болуп өттү
Бишкекте эл аралык мода жумалыгы болуп өттү
УКМК: Абакта отуруп, «теракт болот» деп телефон чалган адамдын өздүгү аныкталды
УКМК: Абакта отуруп, «теракт болот» деп телефон чалган адамдын өздүгү аныкталды
Жеңиштин 75 жылдыгы. Өлкөдө 262 согуш ардагери бар
Жеңиштин 75 жылдыгы. Өлкөдө 262 согуш ардагери бар
​Италияда футбол оюндары жалпы токтотулду
​Италияда футбол оюндары жалпы токтотулду
Коронавирус: Чек аралар жабылып, поезддер токтотулду
Коронавирус: Чек аралар жабылып, поезддер токтотулду
Абылгазиев: Жеңиштин 75 жылдыгы бүткүл элдик майрам катары белгиленет
Абылгазиев: Жеңиштин 75 жылдыгы бүткүл элдик майрам катары белгиленет
Блогер Сыдымандын апасы элден кечирим сурайт
Блогер Сыдымандын апасы элден кечирим сурайт
​
​"Унаа" мамлекеттик ишканасынын директору дайындалды