АКШда “Супер аялдар” мезгили

АКШда “Супер аялдар” мезгили
8-Янв. 2019, Шейшемби, 18:17

Американын Конгресси тарыхында эң көп аял депутаттар менен жаңырган жылга киришти. Ант берген 102 аялдын арасында тарыхтагы эң жаш депутаты, жоолук салынганы бар. 2018-жылдын ноябрь айында өткөн шайлоодо жеңишке жеткен америкалык саясатчылар жаңы жыл менен биргеликте ант берип, кызматтарына киришти.

Конгрессте 102 аял өкүл болду. Бул рекорддук көрсөткүчтөрдө эң жашы, жоолукчаны, алгачкы жергиликтүүсү да бар. Шайлоо өткөндөн бери айымдардын отуруп, турганы, бардык кыймылы Америка жана башка мамлекеттердин маалымат каражаттарынан түшө элек.

Эң жаш депутат: AОК

Барынын тарыхы ар башка. 102 аялдын 90 пайызы Демократ партиядан.

Конгрессте көңүл бурарлык айымдардын бири Александрия Окасио-Кортес (AОК). Нью-Йорктун кара терилүү жана көчмөндөр көп жашаган Бронкс аймагынан келген Пуэрто Рико мигрантынын үй-бүлөсүнөн чыккан. Кыскартылган AOК деген ысымы менен белгилүү болгон жаш саясатчы акыркы бир жылда бери медиадан кетпейт. AOК 27 жашта. 10 жылдан бери депутат болуп келген Джозеф Кроулини жеңди.

Акча менен эмес аракет менен жеңди

Саясатчы Кроулинин 3 миллиондук өнөктүгүнө карата болгону 194 миң доллар топтой алган жаш кыз саясатты акча менен эмес, элди сезүү аркылуу жүргүзүү керектигин баса белгиледи. Шайлоого катышкан аймакта ар бир үйдүн каалгасын каккылап, программасын түшүндүргөн. Саатына төлөнгөн айлык акыны 15 долларга чыгаруу керектигни айтып, мындай маселеге кызыккандардын көңүлүн тапты. Мигрант Латын өздүгүн жашырбастан өнөктүк жүргүздү. Бут кийими жыртылганча көчө кыдырган АОКтун тынымсыз аракетинин акыбети кайтты.

Медианын башкы темасы болду

Шайлоого 3 ай калганда АКШ эле эмес дүйнөдө маалымат каражатарынан калбаган AОК Джозеф Кроулини жеңип, кичине төңкөрүш жасады. Тажрыйбалуу саясатчыны жеңген кыздын өмүр баяны да өзгөчө. Порто Рикодон көчүп келген ата-эненин жалгыз кызы Александрия Окасио-Кортес университетте экономка жана эл аралык мамилелер бөлүмүн аяктады. Андан соң мигранттарга билим берген жарандык уюмда иштеди.

Эки жыл мурда официант болгон

Эки ай мурда 29 жашка чыккан AOК ант берип, Американын эң жаш депутаты болуп калды.

Атасы бир нече жыл мурда оорудан улам көз жумган. Андан соң каржылык катаал учурга кабылган энеси экөө ипотекага алган үйүнүн карызын төлөй албай көчөдө калып кала жаздашкан. Александрия Окасио-Кортес официант болуп иштеп, энеси жакындары жашаган Флоридага көчкөн.

“Көчкөнгө каражатым жок”

Шайлангандан кийин акчасы болбогондуктан Вашингтонго көчпөй, Нью-Йоркто жашоосун уланткан Окасио-Кортестен мунун себебин сурашкан. Анда ал “Анткени үй ижарага алганга акчам жок”,-деген. AOК депутат катары алгачкы айлык акысын 15-январда алат. Ошондо Вашингтондон батир издей баштайт.

Бийлеген депутат

Жаш депутаттын маалымат каражаттарына көп чыкканы Республикачылар баштаган айрым демкораттардын тынчын алды. Жаш кызга шылтоо таап, каралоонун аракетинде. Ант берген күнү университетте достору менен тартылган видео талкууга түштү. Анда AOКтун бийлеп жатканын көрүүгө болот. Жаш кыз бул боюнча тез эле жооп кайтарып, Twitter тармагындагы баракчасына Конгресттеги бөлмөсүнүн алдында бийлеген 11 секунддук видео жүктөдү. Миллиондогон адамдар аны колдогон пикирлерин жазды.

Алгачкы мусулман депутаттар

Конгресске келген эки мусулман айым элдин көңүлүн бурууда. Ильхан Омар Сомалиден АКШга баш калкалоого келген атанын кызы. Ал Америка тарыхында Конгрессте алгачкы жоолукчан депутат катары орун алды.

Ант берүү үчүн атасы менен Миннесота шатынан борбор Вашингтонго келген Омар 23 жыл мурда качкын катары келген аэропортко бул ирет шайланган депутат катары келип жатканын жазып, атасы экөө күлүмсүрөп түшкөн сүрөтүн бөлүшкөн.

Качкындар лагеринен Америка Конгрессине

Омардын Сомалидеги ички согуштан качып Кенияда качкындар лагеринде, ал жактан Америка Конгрессине жеткен турмушу кинолорго тема болору анык. Сомалиден чыккан жаш саясатчынын Конгрессте кандай иш көрсөтөрү шайланган аймактагы шайлоочулары эле эмес, бүтүндөй дүйнө билет. Отуруп турганы, ар бир кадамы алдыда көп сөз болору анык.

Иерусалимдик атанын кызы парламентте

42 жаштагы Рашида Тлейб Палестиналык мигрант үй-бүлөнүн АКШда төрөлгөн урпагы. Иерусалимдик ата менен рамаллалык эненин Детройт шаарында төрөлгөн 14 баласынын улуусу. Кесиби адвокат. 10 жылдан бери штаттын парламентинде эмгектенет. Бул жолу Америка тарыхында палестинадан чыккан депутат катары Конгресске шайланды.

Трампка ачык эле акарат айтты

Тлейбдын энесинин да, өзүнүн да иштеген катмар деген өмүр баяны бар. Конгрессте Александрия Окасио-Кортестей эле социалист. Ант бергендин эртеси күнү АКШнын президенти Дональд Трамп тууралуу айткан сүйлөмдөрү менен тез эле медиада башкы темага айланды.

Конгресстеги алгачкы айымдар

-Бул шайлоодо Конгресске шайлангандардын арасында Деб Хаоленд менен Шарис Дэвидс аттуу айымдар бар.

-Демократ партиядан Аянна Прессли АКШнын элита штаттары катары эсептелген Массачусетстен Конгресске келген алгачкы кара терилүү аял. Шайлоолордо жыйырма жылдан бери депутат болуп келген республикачыл атаандашын артка калтырды. Актар басымдуу кылган Коннектикут штатынан шайланган кара терилүү айым Джахана Хейс Конгресске шайланды.

- Вероника Эскобар жана Силвиа Гарсия Техас штатынын алгачкы латино тектүү аялдары катары тарыхта калды. Теннесси штатынан тарыхта биринчи жолу аял сенатор шайланды. Марша Бекбарн штаттан чыккан алгачкы аял сенатор катары Конгрессте эмгектенет. Иова шатынан Синди Аксн жана Эбби Финкэнауэр Өкүлдөр палатасында орун алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!