Amazon биринчиликти кантип багындырды?

Amazon биринчиликти кантип багындырды?
9-Янв. 2019, Шаршемби, 17:29

Америкадагы Amazon компаниясы атаандаштары Microsoft менен Apple ишканаларын артка калтырып, дүйнө элине белгилүү эң баалуу ишкана болду. Негиздөөчүсү жана жетекчиси Жефф Безос дүйнөдөгү эң бай адам болгон учуру.

Amazon компаниясынын байлыгы 797 миллиард долларга жетти. Андан кийинки орундагы Microsoft корпорациясынын байлыгы 783 миллиард доллар.
Аталган ишкана Microsoft жана Apple компанияларынан ашып, алдыңкы орунга кандайча жетишти экен?
Америкадагы экономикалык кабарларды жазган CNBC сайты компаниянын инвесторлорду тарткан 5 себебин санады.

1. Булут технологиясы
Microsoft корпорациясынын булут технологиясы Amazon компаниясыныкына караганда бир топ тез өнүккөн. Анткен менен Amazon булут технологиясы кызматтарынын жылдык кирешеси 23 миллиард доллардан ашты.
Synergy изилдөө тобунун маалыматтарына ылайык Amazon ишкана катары булут базарынын 40 пайызыны көзөмөлдөйт.

Ишкананын Amazon веб кызматтары катары (AWS) кездешкен булут технологиясын жасап чыгуу үчүн 140тан ашык кызмат көрсөтөт.

Бахрейн, Гонконг, Италия жана Түштүк Африка мамлекеттерине ачылган AWSтин Америка Коргоо министрлиги менен 10 миллиард долларлык макулдашууга барары күтүлүүдө.
AWS акыркы мезгилдерде ири ишканаларды узак мөөнөттү макулдашуулар менен өзүнө байланыштыра баштады.

2. E-сооданын жайылышы
Amazon акыркы жылдарда көп сандаган түрдүү кызматтарга багыт алса да негизги иши дале электрондук соода (е-соода) болуп саналат. Өткөн жылы АКШдагы e-соода сатыгынын жарымы Amazon аркылуу ишке ашты. Индия сыяктуу ири мамлекеттерге ачылып, башка мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошууда. Ошол эле мезгилде башка мамлекеттердеги чекене ишканаларды сатып алууга камданууда.

3. Саламаттыкты сактоо сектору, Alexa жана башка жарнама кызматтары
Amazon ишканасына киреше алып келет. Жарнама ишмердиктери өткөн жылдын үчүнчү чейрегинде 122 пайызга өсүп, кирешеси 2,5 миллиард долларга жетти. Жарнама берүүчүлөр күн өткөн сайын Amazon ишканасына инвестиция кылууда.
Саламаттык кызматтары ишкана ыктаган башкы тармактардан. Өткөн жыл дары дармектер боюнча онлайн иш алып барган PillPack компаниясын 1 миллиард долларга сатып алды.
Amazon банк тармагына инвестиция кыла баштады. Amazon Studios Prime кардарларына Amazon чыгарган теле программаларды сунуштоо үчүн көп сандаган оригиналдуу иштерди аткарып жатат.
Amazon акылдуу технология жана үй астистенти делген Alexa тиркемеси аркылуу ири киреше таппагандай. Анткен менен көп колдонуучулар Alexa аркылуу соода сатык кылып жатканы көрүнүп турат.

4. Катуу тартипти карманган лидердин командасы
Башка технология ишканаларынан айырмасы иш алып барган лидерлердин тобуна байланыштуу.
Ишкананын негиздөөчүсү Жефф Безос ишканада мыкты топ түзгөн. Бул адамдар көп жылдардан бери Amazon үчүн иштеп келет.

5. Уруш талаш аз
Аналитиктер Amazon компаниясынын көйгөйлөрү башка технология ишканаларыныкына караганда аз экенин белгилеп келет.

АКШнын президенти Дональд Трамптын сынга алган сөздөрүнө карабастан Apple Кытай базарларында кабылгандай же Facebook компаниясындагыдай жаңжалдар болбогон сыяктуу.

Анткен менен Amazon дүйнөнүн эң бай ишканаларынан болсо да анда иштегендер шарттын оордугун, айлыгы аз берилерине байланыштуу сөздөрдү айтып келишет. Ошондой эле өткөн жылдын аягында Amazon иш жүргүзгөн бир топ мамлекетте иш таштоолор, нааразычылыктар болгону маалым.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Премьер-министрди шоу көрсөткөнгө айыптады (видео)
Премьер-министрди шоу көрсөткөнгө айыптады (видео)
Жумабеков: Парламентти таратууга эч кандай негиз жок
Жумабеков: Парламентти таратууга эч кандай негиз жок
21-сентябрь: абанын температурасы +35 градуска чейин ысыйт
21-сентябрь: абанын температурасы +35 градуска чейин ысыйт
Аксынын өнөрпоздору Өзгөндүн өнөрпоздорун мелдешке чакырды
Аксынын өнөрпоздору Өзгөндүн өнөрпоздорун мелдешке чакырды
Мышык багып алып ден соолугуңузга кам көрүңүз!
Мышык багып алып ден соолугуңузга кам көрүңүз!
Бишкекте «Кан басымыңды билип ал» акциясы өтөт
Бишкекте «Кан басымыңды билип ал» акциясы өтөт
“Huawei Mate 30” смартфону Европада сатылбайт
“Huawei Mate 30” смартфону Европада сатылбайт
Сүймөнкул Чокморовго окшошкусу келген Курал Чокоев (фото)
Сүймөнкул Чокморовго окшошкусу келген Курал Чокоев (фото)
Үч облустун керектөөсүнө ашык энергия короткон 45 компания жабылды
Үч облустун керектөөсүнө ашык энергия короткон 45 компания жабылды
 Добр менен Тайбас саясатты ырдашты (видео)
Добр менен Тайбас саясатты ырдашты (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучев эстрада жылдызы болобу? (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучев эстрада жылдызы болобу? (видео)
АКШ НЛОнун бар экенине ынанды
АКШ НЛОнун бар экенине ынанды
Лионель ​Месси жеке кийим бренддин ачты
Лионель ​Месси жеке кийим бренддин ачты
Абылгазиев жол кыймылын оптималдаштырууну тапшырды
Абылгазиев жол кыймылын оптималдаштырууну тапшырды