Трамп: Дубал үчүн 5,7 миллиард доллар талап кылынат

Трамп: Дубал үчүн 5,7 миллиард доллар талап кылынат
10-Янв. 2019, Бейшемби, 14:30

АКШнын президенти Дональд Тармп өкмөттүн жабылганына 18 күн болгондо теле аркылуу кайрылуу жасады. Анда Демократтардан Мексика чек арасына курары пландалган дубалга 5,7 миллиард доллар төлөм талап кылды.

АКШнын түштүк чек арасында кризис болуп жаткандыгын айтканы менен аны чечүүгө кандайдыр бир план сунуштаган жок. Көзөмөлсүз, мыйзамсыз миграциянын айынан бүтүндөй АКШ зыян тартып жатканын айткан Трамп бир гана чечим аймакка дубал куруу экенин баса белгиледи. Ал мыйзамсыз келген мигранттар америкалыктарга зыян алып келип жатканын билдирди.

Демократтар өкмөттүн ачылышын камтыган мыйзам долбоорун кабыл алганына карабастан, федералдык өкмөттү жабык кармаган президент Трамп кризис уланаарын айткансыды.

Телеканалдардын бардыгына түз эфирде сүйлөп, айрым качкын мигранттар өлкөдө себеп болгон түрдүү окуялардан мисал келтирди. Өлкөгө кирүүгө аракеттенгендер өтө кооптуу болушу мүмкүн экенин кошумчалады. Ошондой эле ал дароо бул боюнча аракеттер көрүлбөсө көптөгөн америкалыктар үчүн кыйын болорун айтты.

Демократтарга кысым көрсөтүү аракетти

Трамп 10 мүнөткө созулган сөзүндө “Бир гана чечим демократтар чекарабызды коргогон жана өкмөттүн ачылышын камсыз кылууга жумшаган бюджетти кабыл алуусу”,-деди.

Бул айтылгандарды талдаган АКШ медиасы президент сүйлөп жатканда колдонгон айрым маалыматтар чын экени билинбей калганын жазды.

Трамп элге кайрылуусун Мексика чек арасындагы кризиске байланыштуу жасала турган акыркы кадам катары сыпаттады.

Оппозиция катаал сөздөр менен сынга алды

Трамп чек арада дубал жасалышы керектигин боюнча сунушуна “уятсыздык” деген оппозициялар катуу сөздөр менен сынга алышты. “Уятсыз болгон нерсе саясатчылардын эч бир нерсе жасабагандыгы, жөнөкөй адамдардын кыйналуусуна уруксат берүүсүн улантканы”,-деди.

Трамп 18 күндөн бери жабык болгон федералдык өкмөттүн кайрадан ачылышы үчүн жаңы план сунуштаган жок. Чек аранын 374.4 чакырымдык бир бөлүгү үчүн 5,7 миллард доллар талап кылып, учурдагы чек ара коопсуздугу үчүн жана качкын катары кирүүгө аракет кылган мигранттар үчүн миллиарддаган долларлык төлөмдөрдү төлөөнү талап кылды.

АКШ медиасы Трамптын айткандарын талдады

Трамп Демократтардын чек ара коопсуздугу үчүн кандайдыр бир төлөмдү кабыл албагандыгын айтты. АКШ медиасы Демократтардын ушул учурга чейин болгону чек ара коопсуздугу үчүн 1,3 миллиард долларлык төлөмдү бекиткенин жазды. Медиа Трамптын сөзүндөгү дубалдын чыгымын Мексика менен болгон жаңы соода макулдашуусу түрүндө төлөнөт”,-деген сүйлөмгө орун берди. Бирок Мексика менен болгон акыркы келишимде дубалдын төлөмүнө байланыштуу кандайдыр бир берене жок.
Демократ лидерлер: Трамп Америка элин туткун кылууну токтотушу керек

Өкүлдөр палатасынын президенти Нэнси Пелоси жана Демократтардын сенатору Чак Шумер президенттин айткандарына жооп берди.

Тажрыйбалуу саясатчы Пелоси сөзүндө “Президент Трамп Америка элин барымтага алуунун токтотушу керек. Кризис ойлоп чыгарууну ташташы керек жана өкөмттү кайрадан ачышы керек”,-деди.

Сенатор Шумер өкмөттүн жабык болуусуна жалгыз гана Трампты күнөөлгө болорун айтты.

“Америка демократиясы мындай түрдө иштебейт”,-деген Шумер “Чыр менен башкарган болбойт. Эч бир президент столду ургулап, талаптардан алыстап, миллиондогон адамдарга зыян берип, бул абалды кысымдын куралы катары колдоно албайт”,-деди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Премьер-министрди шоу көрсөткөнгө айыптады (видео)
Премьер-министрди шоу көрсөткөнгө айыптады (видео)
Жумабеков: Парламентти таратууга эч кандай негиз жок
Жумабеков: Парламентти таратууга эч кандай негиз жок
21-сентябрь: абанын температурасы +35 градуска чейин ысыйт
21-сентябрь: абанын температурасы +35 градуска чейин ысыйт
Аксынын өнөрпоздору Өзгөндүн өнөрпоздорун мелдешке чакырды
Аксынын өнөрпоздору Өзгөндүн өнөрпоздорун мелдешке чакырды
Мышык багып алып ден соолугуңузга кам көрүңүз!
Мышык багып алып ден соолугуңузга кам көрүңүз!
Бишкекте «Кан басымыңды билип ал» акциясы өтөт
Бишкекте «Кан басымыңды билип ал» акциясы өтөт
“Huawei Mate 30” смартфону Европада сатылбайт
“Huawei Mate 30” смартфону Европада сатылбайт
Сүймөнкул Чокморовго окшошкусу келген Курал Чокоев (фото)
Сүймөнкул Чокморовго окшошкусу келген Курал Чокоев (фото)
Үч облустун керектөөсүнө ашык энергия короткон 45 компания жабылды
Үч облустун керектөөсүнө ашык энергия короткон 45 компания жабылды
 Добр менен Тайбас саясатты ырдашты (видео)
Добр менен Тайбас саясатты ырдашты (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучев эстрада жылдызы болобу? (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучев эстрада жылдызы болобу? (видео)