Паспорттор тууралуу белгисиз сырлар

Паспорттор тууралуу белгисиз сырлар
11-Янв. 2019, Жума, 12:28

Паспорттор учурда саясаттан да маанилүү, көп талкууланган темалардын бири. Бул документ тууралуу анча белгилүү болбогон кызыктуу жагдайлар бар. Эл аралык сапарга чыгардан мурда паспорттун жарактуулук мөөнөтүн канча ирет карайсыз? А балким учурда дүйнөдө миллиондогон адамдар саякат алдында буларды карап жаткандыр.

Аталган документ саякаттарга жол ачканын, ошол эле мезгилде эркин саякаттоого тоскоол болгону айтылып келет. Эл жерди кыдырууда бул баалуу документке эмнеге муктаж экенибизди тастыктаган кызыктуу тарых бар. Анда эмесе, паспортторго байланышкан анча белгилүү боло бербеген 13 чындыкты тизмелеп көрөлү.

1. Скандинавия өлкөлөрүнүн паспортторунан жаркырак көрүнөт

Скандинавия паспортун ультрафиолет жарыгына кармаганда баракчаларынан Түндүк жаркырактары көрүнөт.

2. Алгачкы паспорт Библияда кездешет

Неемия китебинде Фарс королу бир аткарминерине иудийлерге саякаттарында ишенимдүү өтүүгө жардам берген документ берет.

3. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин сүршт киргизүү шарты коюлган

Немис тыңчысы жасалма же америкалыктын паспорту менен Англияга киргенден кийин паспортторго сүрөт киргизүү шарты коюлган. Бул Биринчи дүйнөлүк согуштун кийинки мезгилге туш келет.

4. Салмак азайганда жаңы паспорт алуу зарыл

АКШда салмак кошуу жана жоготуу, жүздү операция кылуу, беттеги такты кетиртүү же жүзгө өзгөртүү киргизгендер жаңы паспорт алууга аргасыз.

5. Айрым паспорттордо үй-бүлөнүн сүрөттөрү болгон

Паспорттого сүрөт киргизилген алгачкы мезгилдерде каалаган сүрөттү коюуга уруксат берилген. Ал тургай үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөт жараган.

6. Мөөнөтү бүтөрүнө 6 ай калганда алмаштыргыла

Башка мамлекетке сапар алар алдында паспорттун мөөнөтүнө көңүл буруу керек. Айрым жерлерде киргизгени менен паспорттун бүтөөр мөөнөтү 3 ай болсо жаратат. Антсе да ишеимдүү жүрүү үчүн жок дегенде 6 айга жарай турган мөөнөттө болгону жакшы. Кытай, Индонезия, Россия, Сауд Арабия жана башка бир топ мамлекеттердин талабы ушундай.

7. Австралиянын Квинсленд штаты паспорт сурабайт

Болгону Жаңы Гвинеянын түндүгүндөгү белгилүү 9 айылдын бирине жашаганга уруксат берилет.

8. Витаканда паспорт текшербейт

Ватиканда кирүү учурунда паспорт текшерилбейт. Бирок Папа Ватикандын 1 номердеги паспортун алып жүрөт.

9. Америкалыктардын көбүндө паспорт жок

АКШнын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда 321 миллион 362 миң 789 АКШ жаранынын 121 миллион 512 миң 341инин паспорту бар.

10. Тонга паспорт саткан

Тонга королу Тупоу VI киеше табуу үчүн Тонга паспортун сатканы айтылып келет.

11. Финляндия жана Словения паспортторунда кыймылдуу көрүнүштөр бар

Өзгөчө аэропорттордо күтүп жатканда, зериккенде Финляндия же словениялыктар паспортун алып бираз көңүл ачса болот. Бул паспортторду тез барактаганда кыймылдуу көрүнүштөр байкалат.

12. Жасаганга кыйыны Никарагуа паспорту

Никарагуа паспорту жасалмасын жасоо абдан кыйын болгон саякаттооочу документ. Бул документтин 89 түрдүү коопсуздук чаралары бар. Буларга голограммалар кирет.

13. Англиянын ханышасынын паспорту жок

Англиянын ханышасы Елизавета IIнин паспорту тууралуу сөз кылуу зарыл эмес. Анткени анда мындай документ жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!