Россия АКШны коркутту: Ракетелар 5 мүнөттө 800 чакырымга жетет

Россия АКШны коркутту: Ракетелар 5 мүнөттө 800 чакырымга жетет
26-Фев. 2019, Шейшемби, 15:43

Россиянын мамлекеттик Россия-1 телеканалы өзөктүк согуш чыкса АКШга сокку урула турган аскердик буталарды көрсөткөн тизме жарыялады.

Үндөн 5 эсе тез Циркон ракеталары 5 мүнөттө белгиленген буталарга соку урары баса белгиленген тизмеде Пентагон менен Вашингтондун 100 чакырым түндүк батышында Мэриленд Кэмп-Дэвиддеги президенттин резиденциясы жана Форт-Ритчидеги АКШнын Башкы командачылыгы штабы бар экени көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

5 бута белгиленген тизмеде Мак-Клелландагы стратегиялык күчтөрдү башкаруу жана Джим-Криктеги өзөктүк күчтөрдү башкарган базалар да жазылган.

АКШ ДРСМД макулдашуусун сынга алды

Февраль айынын башында АКШ Муздак согуштан бери өзөктүк куралдарды тажрыйбадан өткөрүүнүн негизин түзгөн Орто жана жакынкы аралыкка жетүүчү ракеталарды жок кылуу келишиминен (ДРСМД) чыкканын айткан эле.

АКШнын президенти Дональд Трамп чечимге байланыштуу “АКШ 2-февралдан баштап ДРСМД макулдашуусунун алкагындагы жоопкерчиликтерди сынга алат жана артка кайтуу процессин баштайт”,-деген эле.

АКШ: Европага ракета жайгаштыруу каралган эмес

Россиянын бул айткандарынан кийин АКШ бийлиги Европага кандайдыр бир ракета жайгаштыруу тууралуу сөз болбогонун билдирди. Вашингтон бийлиги Путиндин эскертүүлөрүн эске албагандыктарын, айтылгандар пропаганда экендигин кабарлашты.

Россия-1 телеканалында белгиленген аймактар Россияны бутага алган кыска жана орто аралыктагы ракеталар жайгаштырыла турчу Европадагы ракетадан коргонуу системалар башкарылган Американын борборлору.

АКШ жана Россиянын ортосундагы Орто жана жакынкы аралыкка жетүүчү ракеталарды жок кылуу келишимине (ДРСМД) 1987-жылы кол коюлган.

ДРСМД макулдашуусу деген эмне?

1987-жылы АКШнын президенти Рональд Рейган жана Советтер союзунун лидери Михаил Горбачевдун ортосунда кол коюлган келишим 500 менен 5 миң 500 чакырым аралыкта болгон кургактан абага атылган ракеталарга тыю салуу каралган.

Өзөктүк согуш коркунучун жоюну максат кылган макулдашуунун алкагында 4 жылда болжол менен 2 миң 700 ракета жок кылынды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Премьер-министрди шоу көрсөткөнгө айыптады (видео)
Премьер-министрди шоу көрсөткөнгө айыптады (видео)
Жумабеков: Парламентти таратууга эч кандай негиз жок
Жумабеков: Парламентти таратууга эч кандай негиз жок
21-сентябрь: абанын температурасы +35 градуска чейин ысыйт
21-сентябрь: абанын температурасы +35 градуска чейин ысыйт
Аксынын өнөрпоздору Өзгөндүн өнөрпоздорун мелдешке чакырды
Аксынын өнөрпоздору Өзгөндүн өнөрпоздорун мелдешке чакырды
Мышык багып алып ден соолугуңузга кам көрүңүз!
Мышык багып алып ден соолугуңузга кам көрүңүз!
Бишкекте «Кан басымыңды билип ал» акциясы өтөт
Бишкекте «Кан басымыңды билип ал» акциясы өтөт
“Huawei Mate 30” смартфону Европада сатылбайт
“Huawei Mate 30” смартфону Европада сатылбайт
Сүймөнкул Чокморовго окшошкусу келген Курал Чокоев (фото)
Сүймөнкул Чокморовго окшошкусу келген Курал Чокоев (фото)
Үч облустун керектөөсүнө ашык энергия короткон 45 компания жабылды
Үч облустун керектөөсүнө ашык энергия короткон 45 компания жабылды
 Добр менен Тайбас саясатты ырдашты (видео)
Добр менен Тайбас саясатты ырдашты (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучев эстрада жылдызы болобу? (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучев эстрада жылдызы болобу? (видео)
АКШ НЛОнун бар экенине ынанды
АКШ НЛОнун бар экенине ынанды
Лионель ​Месси жеке кийим бренддин ачты
Лионель ​Месси жеке кийим бренддин ачты
Абылгазиев жол кыймылын оптималдаштырууну тапшырды
Абылгазиев жол кыймылын оптималдаштырууну тапшырды