Түркиядагы жергиликтүү шайлоо дүйнө медиасында

Түркиядагы жергиликтүү шайлоо дүйнө медиасында
5-Апр. 2019, Жума, 15:31

Дүйнөлүк медиа Эрдогандын жеңилгенин жазып жатат. Times жана Guardian басылмаларында Түркияда өткөн жергиликтүү шайлоонун жыйынтыктарына байланыштуу “Султандын күчүнүн чектери” жана “Оппозицияларды эркин кое берүү” аттуу темаларда маанилүү аналитикаларды жарыялады.

Гезиттер шайлоого байланыштуу кабарларда “Эрдоган жана партиясынын жеңилишин жазган” жана "экономикалык абалга ыраазы болбогондугу шайлоодо белгилүү болду” дегендей ойлор айтылды.

Англиянын Guardian гезитинин кабарында шайлоо президент Режеп Тайип Эрдогандын бийлиги үчүн “олуттуу сынак” сапатында экенин жазды. Ошондой эле “Жыйынтыктар Адилет жана өнүгүү партиясы бийликке келген 2002-жылдан берки алгачкы маанилүү жеңилүүнүн белгиси”,-деген сүйлөмдөргө орун берилди.

Guardian гезитинин тышкы саясат боюнча баяндамачысы Сомон Тисдалл жергиликтүү шайлоолорго байланыштуу аналитикаларында президент Эрдогандын жыйынтыктарга кандай жооп берери жазылган. Жазуучу Эрдогандын жыйынтыктарга каршылыгы “оппозицияга кысым жасоо” түрүндө болушу мүмкүн экени белгиленген.
Эрдогандын жергиликтүү шайлоолорду өзүнүн жеке лидерлиги үчүн референдумга айландырганы тууралуу анализдер төмөндөгүчө:
“Азыр башкы суроо Эрдоган кандай каршылык көрсөтөрү. Түркия саясатын 2003-жылдан бери башкарган Эрдоган жоготкусу келбейт. Эч бир сынга чыдай бербейт. Катышуунун чеги 84,5 пайыз болуп келген шайлоолордо бул ирет башкача учур болду. “AK партиянын өнөктүктөрүн Эрдоган жалгыз жүргүздү. Президент катары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, эки айда күн сайын митинг өткөрүп жатты”.

Кыргындын видеосун көрсөттү
“Өткөн айдагы Крайстчерч шаарындагы окуянын видеосун митингдерде көрсөтүп, кол салуулар батыштыктардын мусулмандарга, өзгөчө түрктөргө каршы уюштурулган өнөктүктүн бир бөлүгү катары айтканы сынга кабылды.
Шайлоонун жыйынтыктары Түркия үчүн 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийинки эң чоң саясий окуя. Бул аракеттерден кийин Эрдогандын биринчи каршылыгы массалык түрдөө камоо, өлкө сыртындагыларды айыптоо болду. Ушундай эле каршылык дагы күтүлүшү мүмкүн. Бирок өткөндөгүдөн башкача. Дагы бир жагдай бар. Бул экономиканын абалы шайлоодогу маанилүү фактор болду. Азык-түлүктүн баасынын өсүшү ар бир саясатчы үчүн көйгөй жараткан абал”,-деп жазылган.
TİMES: Эрдоган абактагы оппозицияларды эркин кое бериши керек
The Times гезити Түркиядагы жергиликтүү шайлоолорго кабар, анализ жана башкы макалалар кеңири жарыялады. Анда Эрдоганды шайлоочулар начар экономикадан улам жазалаганы белгиленген. “Түркиядагы шайлоолордо күтүүсүз жагдайлар болду. 11 жыл премьерликтен кийин 2014-жылы президент болгон Режеп Тайип Эрдоган медиа, сот жана башка мекемелерде күчүн бекемдеди. Бул жолу жетишпеген жактар көп. Көп жылдардан берки жаңылыш башкаруулар экономиканы кыйынчылыкка учуратты. Лира өткөн жай мезгилинде доллардын алдында 30 пайыздай наркын жоготту. Инфляция 20 пайызга чыкты. 65 жаштагы Эрдогандын жергиликтүү же жалпы болобу шайлоосуз өткөрө турган төрт жылы бар. Бул мезгилде оппозицияны кысуу, жакындарына сыйлык берүү сыяктуу иштерден тышкары иш кылбаса бардык мурасын ысырап кылган болот”,-деген сүйлөмдөргө орун берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР