900 миллион шайлоочусу бар Индияда шайлоо кандай өтөт?

900 миллион шайлоочусу бар Индияда шайлоо кандай өтөт?
11-Апр. 2019, Бейшемби, 11:06

Индияда жалпы шайлоодо добуш берүү процесси 11-апрелде башталат. 7 баскычтан турган шайлоо процесси 19-майда аяктайт. Добуштар 23-майда санала баштайт. Бул боюнча Пуджа Чхабриянын макаласы жарыялаган.

900 миллион шайлоочусу бар Индия дүйнөдө эң чоң шайлоону өткөргөн турат. Дүйнө элинин 12 пайызы жашаган өлкө саясий өнөктүктү кандай өткөрөт?

Гималай тоолорунан чөлдөргө чейин

Шайлоо комитети 29 штатта жана борбордук өкмөткө караштуу жети аймакта шайлоо уюштурат.

Бул жерлерге Гималайдагы тоолуу аймактар, өрөөндөр, батыштагы чөлдөр, токойлор кирет.

Бир миллионго жакын шайлоо участкалары түзүлөт. Жетүүгө кыйын болгон жерлер көп. Мисалы түндүктө 4440 метр бийиктикте Химачал-Прадеш штатындагы шайлоочуларга жетүү үчүн 20 чакырым жол жүрүү керек. Ал жакка бара турган топ жандарында кычкылтек толтурулган түзүмдөр, уктоого керектүү буюмдар, тамак аш, фонариктер, добуш берүүгө зарыл буюмдар болот.

Транспорт: Тик учак, төө, пил

Ири мамлекетте шайлоочуларга жетүү үчүн көп аракеттер болот. Бардык транспорт каражаттары, унаалар, кайык, тик учак, поезд, төө, пил пайдаланылат.

Шайлоодо 10 миллион киши иштейт. Булардын арасында милиция, байкоочу, өкмөт дайындаган кызматкерлер бар. Бары окуудан өтөт.

Кылмыштар көп катталат

Анда иштегендер көп кыйынчылыктарды көрүшөт. Добуш салган үкөктү ээлеп алган учурлар кездешет. Мисалы түндүктөгү Бихар штатында бир партиянын тарапташтары добуштар салынган үкөктү тартып алып, өздөрү каалаган талапкерге добуш бердиртишкен. Ушул сыяктуу окуялардан улам шайлоого аялдар аз катышкан. Бирок электрондук добуш берүү ыкмасы колдонулгандан бери катышкандар арбын.

Бул сыяктуу көйгөйлөрдөн улам шайлоо комиссиясы шайлоону 6-7 баскыч менен өткөрөт. Ар бир шайлоо участкасындагы коопсуздук күчтөрү көчүп жүрүшөт.

Манипур штаты жасалма шайлоо көйгөйүн жүз таануучу түзүмдөр аркылуу жою аракетинде. Айрым жерлерде бир адам жасалма жолдор менен 60 жолу добуш берген учур катталган.

Индияда 900 миллион шайлоочу бар

Бул жылы шайлоо 6 аптага созулат. 543 шайлоо аймагында миңдеген талапкерлер жарышат.

Бул үчүн атайын шарттар каралган. Электрондук добуш берүүчү түзүмдөр өлкөнүн бардык тарабына жеткирилүүдө. Шайлоо фестиваль, майрам, сынак, көчөт тигүү жана аба ырайы өзгөргөн күндөргө туура келбеши кажет.

Шайлоочулар талапкерлерден адашпас үчүн ар бир партия жана көз карандысыз талапкер символдорду белгилейт. Бул салт 1951-жылдан бери келе жатат.

Логистика жана башка мыйзамдар

Индияда партиялардын шайлоо процессинде шайлоочуга акча жана буюм тараткан учур көп кездешет. Буга атаандаштыктын күчтүүлүгү себеп. Саясий өнөктүккө катышкан партиялардын саны 1951-жылы 55 болсо, бүгүнкү күндө 464.

Андан улам шайлоонун эрежелери, каржы жагынан бузууларга байланыштуу эскертүүлөр көп. Айрым учурда добуш саноочу машиналарга байланыштуу шектенүүлөрдү айтат. Өзгөчө шайлоолордо жеңишке жетпеген партиялар жыйынтыктарды өзгөртүү боюнча бул машиналарды аралаштырышкан. Ал эми жетекчилер электрондук түзүмгө муну жасоо мүмкүн эместигин түшүндүрүп келет.

Учурда өлкөнүн деңгээлинде даярдыктар жүрүп жатат. Мисалы түштүктөгү Телангана штатында бир орун үчүн көп сандаган талапкер жарышып жатат. Мурдагы электрондук саноо машиналары 64 адамга даярдалган. Бул жерде 185 талапкер бар.

Шайлоо комиссиясынын жетекчиси Умеш Синха бул шайлоо тарыхта каларын, ушунча көп талапкерден улам добуш саноочу машина көп керектелгени биринчи кездешип жатканын белгиледи.

Шайлоодо добуш берүүчүлөр да көп болору болжолдонууда. Антсе да “эркин жана адилет” шайлоого кепилдик барбы? Бул суроого жооп берүү үчүн 23-майды күтүүгө туура келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду