Жаңы президент же Владимир Зеленский ким?

Жаңы президент же Владимир Зеленский ким?
26-Апр. 2019, Жума, 17:44

Экономикалык көйгөйлөр, паракорчулук жана Россия менен болгон жаңжалдар жараткан атмосферанын таасиринен чыгууну каалаган Украина эли учурдагы президент Порошенкону эмес, анын атаандашы шоумен Зеленскийди тандады.

Владимир Зеленский ким?

1978-жылы 25-январында Украинанын түштүгүндөгү Кривый Рог шаарында еврейлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Моголистанда жашаган Зеленскийдин үй-бүлөсү, көп жылдардан кийин туулган жерине кайткан. Владимирдин атасы Александр Семёнович Зеленский Киев экономикалык университетинде эмгектенген. Энеси Римма Владимировна Зеленская пенсионер, 40 жыл инженер болуп иштеген.

1995-жылы мектепти аяктаган Зеленский Криворож экономикалык институтунда юридикалык билим алган. Бирок карьерасын башка тармакта улантты.

Коледжде окуп жүргөндө КВН жана театр иштерине кызыгып, 1990-жылдын аягында түзүлгөн Квартал 95 Студио аттуу платформаны жетектеди. Ошол күндөн тарта бир топ образдарды жаратты.

Владимир Зеленский 2003-жылы мектептеги таанышы Елена Сияшкого баш кошкон. Жубайлардын Александра аттуу кызы, Кирилл аттуу уулу бар.

2000-жылдардын башында көптөгөн көйгөйлөрдөн кийин позициясын өзгөрттү. Кыска мөөнөттө Украинадагы белгилүү телеканалдын кызыгуусуна туш болгон Зеленский өлкөнүн деңгээлинде үн каткан адамга айланды.

Телешоунун аталышы саясий партияга айланды

“2015-жылы алгачкы көрсөтүүлөрү эфирге чыккан “Элдин кызматкери” аттуу сериалда мамлекет башчысынын ролун ойносо, эми ал чындыкка айланды.

Ал телешоу аркылуу таанылып, жыйынтыгына өлкө башчылыгына потенциалдуу талапкер катары чыга келди. Адвокаттары 2017-жылы “Элдин кызматкери” аттуу партия түзүү боюнча расмий кайрылды. 2019-жылдын 1-январында телеканалдардын биринде президенттик шайлоого аттанаарын айтса, 21-январда Элдин кызматкери партиясы расмий түрдө талапкерлигин көрсөттү.

Саясий тажрыйбасы жок

Саясат талдоочулардын айтымында кыска мөөнөттө чоң кадамга барган Зеленскийдин эң чоң кемчилиги саясатта тажрыйбасынын жоктугу. Лондондогу Chatham House уюмунун иликтөөчүсү Матье Болегунун айтымында Зеленскийдин популярдуулугу шайлоочулардын тажаганынын айкын мисалы. “Euronews” сайтына маек берген Болегу “Эли жаңы жүздөрдү каалап жатат. Андан улам эч билбеген бирөөгө добуш берүүгө даяр”,-деп Зеленскийди америкалык актер Арнольд Шварценеггерге салыштырган.

Владимир Зеленский Донбас аймагында уланып жаткан жаңжалдарды токтотууну көздөөдө. Ошондой эле өлкөдөгү реформаларды жана паракорчулук менен күрөштү улантарын айтып, инвесторлорго ишеним берди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду