Huawei кризиси: технологиялык муздак согуштун башталышыбы?

Huawei кризиси: технологиялык муздак согуштун башталышыбы?
27-Май 2019, Дүйшөмбү, 17:37

АКШ менен Кытайдын ортосунда "Huawei" компаниясы боюнча жүрүп жаткан кармаш технологиялык өнүгүүлөрдүн таасирине байланышкан иликтөөлөрдү көбөйттү. Барган сайын тездеген технологиялык өнүгүүлөр бир жагынан келечекте көптү үмүттөндүрсө, экинчи жагынан терс таасирлери тийиши мүмкүн экени байкалып турат. Серепчилердин көбү Дональд Трамптын мезгилинде АКШ Кытайга карата киргизген, ага карата Кытай жооп бере башаган жаңы глобалдык рецессияга жол ача тургандай соода согуштары тууралуу кеп чыгууда.

Өткөн декабрь айында Трамп бийлигинин талабы менен Канада өкмөтү Huawei ишканасынын каржы иштери боюнча жетекчиси Мэн Ваньчжоуну кармаганда буга жаңылыш жасалган кадамдар, Financial Times гезитинде Филип Стевенс баса белгилегендей соода согушунан өтүп, глобалдык экономикалык кийлигишүү процессинен белги берип жатат.

Трамп бийлиги Кытайдын чоң жана тездик менен өнүккөн, телекоммуникациясында 5G технологиясында дүйнөлүк лидер болууга талапкер Huawei ишканасын Иранга каршы АКШ санкцияларын бузууга айыптап жаткан.

Ваньчжоу кармалгандан кийин өнүгүүлөр тездеди. АКШнын коопсуздугуна коркунуч жаралганын шылтоолоп АКШ коопсуздук коркунучун түзгөнүн айтып, АКШ Huawei компаниясынын 5G базарына кирүүсүнө тыю салды. Союздаштарын да ушундай кадамга барууга аргасыз кылды. АКШнын Qualcomm Inc, Broadcom Inc сыяктуу микрочип компаниялары Huawei компаниясына продукцияларын сатпай турганы айтышты. Акырында Google Huawei телефондорунун акыркы үлгүлөрүнө Android тиркемелерин колдонтпой турганын ачыктады.

Бул мезгилде Кытайдын президенти Си Цзиньпиндин телекоммуникация жана курал өндүрүшүндө жогорку технология тармагында сейрек минералдарды иштеткен JL Mag Rare-Earth компаниясына жасаган зыяратында Кытайдын буларды чыгаруу жагында дүйнөдөгү салмагын Батышка эскерткендей болду.

Талдоочулар бул өнүгүүлөр Кытай ишканаларын иштерин жакшыртууга, тиркемелерди чыгарууга, Интернеттин жакшыртууга түрткү болорун болжолдоодо.

Апрель айында Россия парламентинен өткөн мыйзамына ылайык көз карандысыз Интернет түзүүнү максат кылган “Эгемен Интернет” мыйзамын жогоруда айтылгандарга байланыштырып жатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Арыктоого балансталган азыктар
Арыктоого балансталган азыктар
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
 Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт