Өкмөт башчыларды өңгүрөткөн "Brexit"

Өкмөт башчыларды өңгүрөткөн
10-Сен. 2019, Шейшемби, 12:06

нглияда 2016-жылы башталган Брексит кризиси эки премьер-министрдин кызматтан кетирди. Жаңы өкмөт башчы Борис Жонсон да барган жерден каршылыктарга кабылууда. Талдоочулар Брюссель жаңы макулдашуу кабыл албаса Жонсон да кызматтан кол жуурун болжолдошууда. Англиянын башына келген кыйын процесс менен жакындан таанышып көрөлү.

2015-жылдын 7-майында Англиянын премьер-министри жана Консервативдик партиянын лидери Дэвид Кэмерон саясий карьерасын куткаруу үчүн "Brexit" талкууларына акыркы чекитти койду. Камэрон “референдум” убадасынын негизинде кайрадан шайлоодо жеңишке жетти.

Европа биримдигинен бөлүнүү процесси

Артка кайтарылгыс бул убада өлкөнүн чындыгы болду. Англиянын эли 2016-жылдын 23-июнунда референдум өткөрдү. Саясий өнөктүктө 51,9 добуш менен Европа биримдигинен бөлүнүү жагы чечилди.

"Brexit" талкуусун саясий жеңиши үчүн күн тартибине алып келген Девид Камэрон көп жылдарга улана турган татаал процесстин биринчи курмандыгы болуп, 6 жыл турган иштеген кызматынан кетти.

2017-жылдын 29-мартында Консервативдик партиянын жана Англиянын жаңы лидери Тереза Мэй болду. Ал элинин Европа биримдигинен бөлүнүү чечимин ишке ашыруу үчүн келген. Милдети Англия парламенти жана Европа биримдигинин ортосунда 2 жыл ичинде макулдашуу менен камсыз кылуу эле.

Мэй 1 жылдын аягында бөлүнүү боюнча биринчи макулдашууну алып чыкты. Бирок ал колдоого алынган жок.

Парламентте 3 ирет четке кагылды

Үч ирет Англия парламентинде добуш берүүгө коюлган макулдашуу четке кагылды. Брексит министри Доминик Рааб жана Эмгек министри кызматынан кетти. Өз партиясынын жана оппозициянын олуттуу сынына калган Тереза Мэй кысымдарга туруштук бере албай отставкага кетти. 7-июнда көзүнө жаш алып, кызматын тапшырды.

Англияда Борис Жонсондун мезгили башталды. Олуттуу кризисти өткөрүп алган Жонсон бөлүнүү үчүн акыркы күн болгон 31-октябрда биримдиктен чыгабыз деп жаткан. Бирок макулдашпай бөлүнүү да, кезексиз шайлоо сунушун да парламентте четке кагылды. Мындай жыйынтык өкмөткө каршы добуш берген 21 консервативдүү депутатка таасирин тийгизди. Бул эл өкүлдөрү партиянын тобунан чыгарылды. Алардын арасында Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген премьер-министрдин өз бир тууганы Жо Жонсон өкмөттөн кетти.

Отставкага аргасыз болобу?

Парламенттен эки жолу макулдук ала албаганына эл да капа. Талдоочулардын баамында Борис Жонсон да Дэвид Кэмерон жана Тереза Мэй сыяктуу Брекситтин курмандыгы катары кызматын тапшырышы мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ИИМ: Саймаити кыргызстандыктын паспортун колдонуп жүргөн
ИИМ: Саймаити кыргызстандыктын паспортун колдонуп жүргөн
​Кыргызстан-Жапония: Бүгүн Акшумкарларды колдойлу!
​Кыргызстан-Жапония: Бүгүн Акшумкарларды колдойлу!
Боронов Кыргыз-британ инвестициялык форумуна катышты
Боронов Кыргыз-британ инвестициялык форумуна катышты
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
 Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Кызамыктын алдын алыңыз!
Кызамыктын алдын алыңыз!
Абылгазиев:
Абылгазиев: "Бийлик өнүгүү максаттарына жетүүдө биримдикти көрсөтүштү"
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Жунушалиев:
Жунушалиев: "Саймаитиге Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган"
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”