11-сентябрдагы террактан бери эмне өзгөрдү?

11-сентябрдагы террактан бери эмне өзгөрдү?
12-Сен. 2019, Бейшемби, 16:32

АКШда 3 миң адамдын өмүрүн кыйган дүйнөдөгү эң чоң террордук кол салуу 2001-жылы 11-сентябрда болгон. Андан бери 18 жыл өттү. 11-сентябрь АКШда, дегеле дүйнөдө өзгөрүүлөргө жол ачты. Алардын арасынан 5 башкы жагдайга токтолууга болот.

1- Афганистанга аскерлер жайгаштырылды

11-сентябрдагы кол салуулардын маанилүү жыйынтыктарынын бири Афганистандагы согуштун дале уланып жатканы. Терракт болору менен ошол мезгилдеги АКШнын президенти Жордж У. Буш Афганистанды бобалатууну чечти. Ага Талибандын башкаруусундагы өкөмт жана анын артында турганы болжолдонгон Аль-Каида уюмунун лидери Усама бен Ладендин колго түшпөгөнү себеп болду. АКШнын кол салууларын бир топ мамлекет колдоду. Союздаштар Кабул баштаган шаарларды көзөмөлүнө алганына карабастан өлкөдө коопсуздук жана туруктуулук орногон жок. Жыл сайын миңдеген жаран жаңжалдан курман болот. Афганистанда тынчтыкты орнотуу боюнча эл аралык коомчулуктун аракетинен жыйынтык чыкпай келет.

2- Мусулмандар жек көрүндү болду

11-сентябрдын маанилүү жыйынтыгынын бири АКШда мусулмандарга карата жек көрүндү мамиле. Кол салууну Аль-Каида уюштурганы тууралуу кептер өзгөчө АКШда жашаган мусулмандардын жашоолоруна коркунуч жаратты. Коомчулукта мусулмандарга ишеним жоголуп, анын азабын АКШ эле эмес батыштагы мусулмандар да тартты.

3- Учактарда, аэропорттордо коопсуздук күчөтүлдү

Кол салуулар жүргүнчү учактары аркылуу ишке ашырылганы авиация тармагында коопсуздук чараларын күчөтүүгө түрткү болду. Дүйнөнүн ар тарабында аэропорттордо коопсуздук чаралары көрүлдү.

Учактардын, өзгөчө учкучтардын сактыгы үчүн кабиналардын каалгалары бекемделди. Ичине байкоочу түзүмдөр орнотулду.

4- АКШда Ички коопсуздук министрлиги түзүлдү

АКШда террордук жардыруудан 11 күн өткөндөн кийин Ички коопсуздук министрлиги түзүлдү. Башкы максаты өлкөнү буга окшогон кол салуулардан коргоо эле. Министрлик өзгөчө чалгындоо, маалымат топтоо, буларды изилдөөгө милдеттендирилди. Барган сайын кеңейген мекеме бүгүнкү күндө эң ири үчүнчү министрлик болуп калды. Террорчулук жана коопсуздукту алдына алууда өлкөдө маанилүү орду бар.

5- Өлкөдөн көптөр чыгарылды

Коопсуздук чараларынын көрүлүшү менен Америка бийлиги виза режимин катаалдатты. Айрым өлкөлөрдүн жарандарына виза берилбей турган болсо, визасы болсо да Америкага кире албагандардын саны көбөйдү. Буга окшогон кол салууларды алдына алууну каалаган АКШ бийлиги коопсуздук максатында байкоо ишмердиктерин тездетти. Эскерте кетсек, 2001-жылы 11-сентябрда "Аль-Каида" террордук уюму жүргүнчү учактарын басып алып, алар менен Дүйнөлүк соода борборунун эки имаратын кыйраткан. Ошондой эле Пентагонду бутага алышкан. Бул террордук кол салууда 3 миңден ашык киши каза болгон.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Саймаитинин өлүмү  боюнча депутаттык комиссия түзүлдү (тизме)
Саймаитинин өлүмү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү (тизме)
Кыргыз элчилиги Азимов Кыргызстандын жараны эмес экендигин  эскертет
Кыргыз элчилиги Азимов Кыргызстандын жараны эмес экендигин эскертет
Фермада 25 адамдын сөөгү табылды
Фермада 25 адамдын сөөгү табылды
 Сайкал Садыбакасова: Жигитим бар, жакшы пландарыбыз да бар
Сайкал Садыбакасова: Жигитим бар, жакшы пландарыбыз да бар
Арстан Алайга сыйынгандардын видеосу тарады
Арстан Алайга сыйынгандардын видеосу тарады
Анжелика Кайратовага сүйүктүүсү 501 роза гүлүн тартуулады
Анжелика Кайратовага сүйүктүүсү 501 роза гүлүн тартуулады
Кепилденген минималдуу кирешенин көлөмү 1000 сом болду
Кепилденген минималдуу кирешенин көлөмү 1000 сом болду
Бетти жашартуучу маска
Бетти жашартуучу маска
Ош: күйөөсүн арматура менен чаап өлтүргөн аял кармалды (фото)
Ош: күйөөсүн арматура менен чаап өлтүргөн аял кармалды (фото)
Акча толгон конверттин ээси табылбай жатат
Акча толгон конверттин ээси табылбай жатат
Жыйында ыйлаган кыз. Жогорку Кеңеш түшүндүрмө берүүгө даяр (видео)
Жыйында ыйлаган кыз. Жогорку Кеңеш түшүндүрмө берүүгө даяр (видео)
Жүрөгүңүздүн түпкүрүндөгү коркунучтан арылыңыз!
Жүрөгүңүздүн түпкүрүндөгү коркунучтан арылыңыз!
Экономика министрлиги: Тышкы соода көлөмү 5 млрд доллар болду
Экономика министрлиги: Тышкы соода көлөмү 5 млрд доллар болду
Быйыл 21 ишкана ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине катталды
Быйыл 21 ишкана ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине катталды
ИИМ: крим чөйрөдө жогорку макамды алып жүргөн жети адам кармалды
ИИМ: крим чөйрөдө жогорку макамды алып жүргөн жети адам кармалды
 “Азия банкына” электрондук акча чыгарууга уруксат берилди
“Азия банкына” электрондук акча чыгарууга уруксат берилди