ЦРУ тыңчылыкка мышык жана дельфин жиберген

ЦРУ тыңчылыкка мышык жана дельфин жиберген
16-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 15:58

Американын чалгын кызматы (ЦРУ) Советтер союзуна карата тыңчылык кылууда мышык, дельфин жана канатууларды колдонгону белгилүү болду.

Американын Борбордук чалгын башкармалыгы (ЦРУ) тыңчылык максатында мышык, куш, дельфин сыяктуу түрдү жаныбарларды үйрөткөн. Бул боюнча документтер башкармалыктын бейшемби күнү коомчулукка жарыялаган архивдик материалдарында жазылган. Билдирүүгө ылайык мындай окутуулар ийгиликке жеткен эмес. Тыңчылыкка үйрөтүлүп, көп ийгиликтерди күткөн Do Da аттуу карга 1974-жылы окутуу учурунда башка каргаларга таланып, өлгөн.
Маалыматтарга караганда ЦРУ мышыктарга тыңшоочу түзүмдөрдү орноткон. Иттерге мээ имплантацияларынын жардамы менен алыстан команда берип, багыт берүүгө аракет кылышкан. Бирок бул программалар максатына жеткен жок. Айрыкча 1960-жылдын ортосунда Советтер союзу кура башаган суу астында жүрүүчү өзөктүк кемелерге байланыштуу чалгын маалыматтарды топтоо үчүн дельфиндерди үйрөтө баштаган.
Дельфин долбоору
Oxygas жана Chirilogy аттуу ЦРУнун долбоорлорунда дельфиндерди суучулдардын ордуна кемелерге жардыргыч жайгаштырууга болуп болбосу изилднди. Айрыкча сүт эмүүчүлөр советтик порттордо тыңчылык максатында суу астында жүрүүчү кемелердин ар тарабында сүзүп, акустикалык сигналдарды жазып калуу иштери жүргүзүлдү. ЦРУ бул программаларды ишке ашыра алган жок. Бирок азыркы күндө АКШнын куралдуу күчтөрү дельфиндерди пайдаланылары белгилүү.
ЦРУ өзгөчө Муздак согуш мезгилинде канаттууларды пайдалангысы келген. Маалыматтарга караганда канаттууларды изилдеген илимпоздор Советтик армияга тиешелүү химиялык курал жайы жайгашкан Шихани шаарында кандай келгин куштар байырлаганын аныктоого аракеттенди. ЦРУнун адистери куштардын жүүнө сиңген заттарды аныктоо менен Шиханиде кандай химиялык заттар пайдалалыларын билүүгө аракеттенишкен.
Жырткыч канаттууларга жумшалган эмгектер
Архивдерде чалгын кызматынын 1970-жылы жырткыч канатуулар жана каргаларга тажрыйба жүргүзгөнү көрүнүп турат. ЦРУ адистери терезелерге угуучу түзүмдөрдү жеткирүү үчүн канатууларды пайдалангысы келген. Буларга өзгөчө камера ташуу үйрөтүлгөн. Axiolite аталышындагы долбоордун алкагында канаттууларды Калифорниянын жээгине жакынкы аралдан бир нече чакырым алыстагы кемеге учууга көндүрүшкөн. Кийин Советер союзуна алып барып, SA-5 ракеталары үчүн курулган радар базасынан жашыруун видео тартууну максат кылышкан.
ЦРУ үйрөткөн канаттуулардын арасында бүркүттөр, үкүлөр, бир жору жана бир тотукуш болгон. Алардан тышкары кат ташуучу көгүчкөндөр кошулган. Суу астында жүрүүчү өзөктүк кеменин чыгарууну байкоо үчүн Советтер союзуна жиберилген көгүчкөндөрдү артка кайтаруу абдан кыйынга турган. Көптөгөн убакытты талап кылган эмгектин акырында көгүчкөндөрдүн азы гана видео менен кайтып келсе, бир тобу кымбат камералары менен кошо жок болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Коронавирус Австралияга жетти
Коронавирус Австралияга жетти
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады