Глобалдык коркунуч: Коронавирус

Глобалдык коркунуч: Коронавирус
28-Янв. 2020, Шейшемби, 06:35

КАБАР-ИЗИЛДӨӨ / АЙДЫН ПАЗАРЖЫ

Коронавирус же илимий аталышы 2019-nCov Кытай эле эмес, бүтүндөй дүйнөнү кооптондурууда. Коронавирустар дем алуу жолдорун инфекциялардан улам жабыркаткан топтогу вирустар. Кытай Коммунистик партиясынын жетекчилеринин айтымында тездик менен тарап жаткан эпидемиядан улам 27-январга чейин 56 адам көз жумса, жуктургандардын саны 2 миңдей. Бирок партия көргөн чаралар менен социалдык медиада жарыяланып жаткан видео жана маалыматтар бул көрсөткүчкө дал келбей жатат. Айрым кептерге караганда мутацияга учураган вирус толугу менен көзөмөлдөн чыкты. Көз жумгандардын саны миңден, жуктургандар 10 миңден эбак ашкан. Ооруканалардан тартылган видеолор да бул айтылгандарды тастыктагандай. Өзгөчө Кытайда социалдык тармактарда бул вирус 1,4 миллиардан ашкан Кытай калкын азайтуу үчүн атайын чыгарылганын айткандар аз эмес.

Кытайдын президенти Си Цзиньпин билдирүүсүндө коронавирус тездик менен жайылып жатканын айтты. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Ma Сяовэй вирус күчөгөнүн билдирди.

Айтылгандар бүтүндөй дүйнөдө кызыгуу жаратты. Анткени көйгөй 1,4 миллиард калкы бар Кытай менен эле чектелбейт көрүнөт. Бүтүндөй дүйнө саламаттыкка байланыштуу олуттуу маселеге туш келгенсиди. Вирус эми эле 13 өлкөгө жайылды.

Кытайлык жетекчилердин билдиргендерине караганда 11 миллион эли бар Ухань шаары эпидемия келип чыккан жер катары карантинге алынды.

САЯКАТКА ТЫЮ САЛЫНДЫ

Өлкөнүн мамлекеттик “Синьхуа” кабар агенттиги 237 бейтаптын абалы оор экенин билдирди. Кытайдын бир топ шаарларында саякаттар токтоду. Ухань шаарында өз унаалары менен жүрүүгө да тыю салынары болжолдонууда.

ЖАңЫ ООРУКАНА КУРУЛУУДА

Кытайдын элдик гезитиндеги маалыматка караганда 1 миң 300 жаңы бейтаптарды кабыл алуу үчүн бир нече апта ичинде экинчи оорукана курулат. Пайдаланууга февраль айында берүү пландалууда. 1 000 орундуу дагы бир оорукана жакында ишке кирди. Социалдык медиадагы видеолордон Ухань шаарындагы Хубей провинциясына аскердик медициналык топтор жиберилип жатканын көрүүгө болот.

ВИРУС ЖАРГАНАТТАН ЧЫКТЫБЫ?

Кытайда өнүгүүлөргө бүтүндөй дүйнө жүзү көз салып жатат. Бары вирустун келип чыгуусуна байланыштуу суроолорго жооп күтүп жатышат. Буга чейин вирус Уханда этти мыйзамсыз саткан жайдан жайылганы айтылып жатса, эми жарганат же жыландарда кездешкени кеп болуп жатат. Анткени эки жаныбар тең Кытай ашканасында кеңири пайдаланылат экен.

ЧАРАЛАР ТЫНЧСЫЗДАНУУЛАРГА СЕБЕП БОЛУУДА

Кытай өкмөтүнүн чукул чаралары өткөн айда пайда болгон вируска байланыштуу тынчсызданууларды көбөйтүүдө. Социалдык медиадагы видеолор жана маалыматтар эпидемияга байланыштуу чындыктар жашырылып жатканы тууралуу сөздөрдгө себеп болууда. Социалдык медиадагы видеолордон Ухань шаарындагы ооруканаларда бейтаптардын жан кейитерлик абалын көрүүгө болот.

Ухань тургуну: Коркунучтуу шаарга айланды

11 миллион калкы бар Ухань шаары толугу менен карантинге алынды. Шаарга кирип, чыкканга тыю салынды. Ал жакта жашаган жана атын атагысы келбеген түрк улутундагы тургун “Учурда абал туруктуу. Эл дүрбөп, ооруканаларда жүрөт. Мурду канаса да вирус жуктуруп алгандан шектенип, ооруканага шашылышат. Оорунун башкы белгиси дене табы 37,5 градуска көтөрүлөт. Дене табы болгондорго тез жардам көрсөтүлөт. Биз болсо үйдөн чыкпайбыз. Жерлерди хлор менен жууп жатабыз. Сыртка маска тагынып чыгабыз. Эл көп жүргөн жерлеге барбагыла деген эскертүүлөр болгон жок. Анткени көчөдө адам жок. Унаалар да көрүнбөйт. Коркунучтуу шаарга айланды. Бары үйдө камалып жаткандай. Жолдор көбүк суулар менен жуулуп жатат. Мектептер жабык. Качан ишке кирери белгисиз. Мен бул вирус канаттуулардан чыкты деп ойлойм. Анткени парктардан канатуулар өлүп жатканын көргөм”,-деди.

Айың кептер: Кытай калкын азайтып жатат!

Кытайдын кабар агенттиктери вирус жарганаттан чыкканын жазышууда. Анткен менен бул боюнча түрдүү кептер айтылып жатат. Айрым айтылгандарга караганда өлкөнүн аскердик изилдөө институту коронавирусту биринчи жолу 2018-жылы жарганаттардан табышып, изилдей башташкан. Анын генетикасы өткөн жылы Ухань шаарында P4 биологиялык лабораторияда уланган.

Биринчи учур Ухань шаарынан болгону мына ушундан. Бирок вирус көзөмөлдөн чыгып шаарга жайылып кекен. Кытайдын социалдык тармактарында калктын сандын азайтуу саясатынын алкагында плндалганы тууралуу айткандар аз эмес. Бирок улам мутацияга учураган вирус көзөмөлдөн чыгып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Абдрахманов Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп дайындалды
Абдрахманов Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп дайындалды
Бишкектеги павильондордун дизайны өзгөрөт
Бишкектеги павильондордун дизайны өзгөрөт
Өзүңүздү ар дайым сергек сезгиңиз келеби?
Өзүңүздү ар дайым сергек сезгиңиз келеби?
​Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча дүйнөлүк рейтингде көтөрүлдү
​Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча дүйнөлүк рейтингде көтөрүлдү
Кыргызстан - Корея аба каттамдарын ачуу аракеттери башталды
Кыргызстан - Корея аба каттамдарын ачуу аракеттери башталды
Кыргызстанда 2565 жеке ветеринар бар
Кыргызстанда 2565 жеке ветеринар бар
Бишкектеги эң популярдуу төлөм картасы болуп Visa эсептелет
Бишкектеги эң популярдуу төлөм картасы болуп Visa эсептелет
Статистика: өткөн жылы 12,9 миң тонна жүн өндүрүлдү
Статистика: өткөн жылы 12,9 миң тонна жүн өндүрүлдү
Кыргызстанда 1,4 млн тонна картошка өстүрүлдү
Кыргызстанда 1,4 млн тонна картошка өстүрүлдү
Ысык-Көл аймагында жер титиреди
Ысык-Көл аймагында жер титиреди
Кыргызстанга акча которуулардын өлчөмү 280 млн. долларга азайды
Кыргызстанга акча которуулардын өлчөмү 280 млн. долларга азайды
Кыргызстандыктардын өткөн жылдын 9 айындагы кирешеси аныкталды
Кыргызстандыктардын өткөн жылдын 9 айындагы кирешеси аныкталды
Ак сарай Nokia менен Ericssonду Huaweiге каршы койду
Ак сарай Nokia менен Ericssonду Huaweiге каршы койду
Япониядагы круиздик лайнериндеги кыргызстандыктан коронавирус табылганы айтылууда
Япониядагы круиздик лайнериндеги кыргызстандыктан коронавирус табылганы айтылууда
 Ат-Башыдагы логистикалык борбор: инвестор долбоорду токтотту
Ат-Башыдагы логистикалык борбор: инвестор долбоорду токтотту
Youtube: 15 жылдагы эң популярдуу видеолордун тизмеси чыкты
Youtube: 15 жылдагы эң популярдуу видеолордун тизмеси чыкты