Кыргызстанда орточо айлык номиналдык эмгек акы ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинен эң жогорку темп менен өсүүдө жана эң төмөн бойдон калууда

Кыргызстанда орточо айлык номиналдык эмгек акы ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинен эң жогорку темп менен өсүүдө жана эң төмөн бойдон калууда
01.06.2023

01.06.2023 - Кыргызстанда эмгек акы Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бардык өлкөлөрүнүн ичинен эң ылдам темп менен өсүүдө, бирок ал Биримдиктин башка мүчөлөрүнө салыштырмалуу эң төмөн бойдон калууда. Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматтары бул фактыны тастыктайт.

Керектөө бааларынын индексине корректировкаланган номиналдык жана реалдуу эмгек акынын өсүү темпи боюнча Кыргызстан алдыда. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында жана өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч тиешелүүлүгүнө жараша 42,5% жана 24,2% га өскөн.

Бирок, буга карабастан, Кыргызстанда эмгек акы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөн бойдон калууда. 2023-жылдын биринчи кварталынын аягында орточо айлык эмгек акы 30 миң сомдон бир аз ашыгыраак болгон, бул 354 АКШ долларына барабар. Беларуста жана Арменияда орточо эмгек акы дээрлик эки эсе жогору, ал эми Россияда алар дээрлик үч эсе жогору.

Эскерте кетсек, Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2023-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанда орточо айлык номиналдык эмгек акы 30 093 сомду түзгөн. 2022-жылдын апрелинен баштап жыл ичинде өлкөдө орточо эмгек акы 42,4% га өстү.

Белгилей кетсек, бул көрсөткүчтү эсептөөдө чакан ишканалардагы кирешелер эске алынган эмес. Ал эми 2022 – жылдын январында Кыргызстандын расмий түрдө ишке орношкон жарандары орточо эсеп менен 21 миң сомго жакын эмгек акы алышкан-Улутстаткомдун маалыматы боюнча.