“Tesla”нын акциясы арзандады

30-Март 2018, Жума, 15:28

“Tesla” компаниясынын баалуу кагаздары компаниянын электр унаасы менен коштолгон жол кырсыгынан кийин арзандап кетти”,- деп билдирет “Ars Technica” өтүп бара жаткан аптанын окуясына байланыштуу.

27-март күнү “Nasdaq” биржасынын жабылышына байланыштуу компаниянын акциялары 279 долларга бааланган. Ал эми бир күн мурун баалуу кагаздар үчүн 304 доллар сурап жатышкан. 28-мартта аукциондун ачылганынан баштап акциялар 10 пайызга түшүп, азыр бир даанасы 257 доллар турат. Эксперттердин айтуусу боюнча, бул "Tesla X”тин адамдын өлүмү менен катталган жол кырсыгына байланыштуу болушу мүмкүн. Ошондой эле, “Moody's Investors Service” америкалык компаниянын насыя рейтингин B2ден B3ге чейин төмөндөттү.

Эскерте кетсек, 23-мартта Маунтин-Вью авто жолунда "Tesla X” унаасы жол кырсыгына кабылган. Жогорку ылдамдыктагы электр унаасы жол четиндеги бордюрду сүзүп, аккумулятору жарылып салону күйүп кеткен. Айдоочусу көз жумду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!