Мас болгон айдоочуну салбай турган унаа чыкты

3-Апр. 2018, Шейшемби, 16:11

Кытайлык “SF Motors” компаниясы “SF5” унаасын иштеп чыкты. Бул унаанын негизги өзгөчөлүгү мас абалда унаага отурган айдоочу унааны башкарууга уруксат бербеген системасында. Бул тууралуу “The Verge” маалымат булагы билдирет.

Унаанын кубаты 1000 аттын күчүнө барабар. Мындан сырткары аккумулятору 500 километрди бир зарядоо менен жүрө алат. Иштеп чыгуучулар система кандай иштей турганыдыгын маалымдашкан жок. Бирок белгилүү болгондой ал айдоочу дем алганда аба аркылуу биле турган датчик менен жабдылганы айтылат.

Унаа 2019-жылдан тартып чыгарыла баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!