«Land Rover» компаниясы Гиннес рекордун жаңыртат

«Land Rover» компаниясы Гиннес рекордун жаңыртат
4-Апр. 2018, Шаршемби, 10:21

Англиялык «Land Rover» компаниясы Гиннес рекордун жаңыртууну пландап жатат. Бул тууралуу “autonews.ru” маалымат булагы билдирет.

Аталган компания 70 жылдык тоюна карата унаалар арасындагы рекордду жаңыртат. “Land Rover” компаниясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, компания өздөрүнөн чыккан унааларды бир жерге жыйнап, дүйнөдөгү эң чоң жүрүш (парад) жасоону пландап жатат.

Бул жүрүш Москвада 21-апрелден 22-апрелге караган түнү өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!