“Tesla” “Model X”тин атаандашын тааныштырды

11-Апр. 2018, Шаршемби, 17:34

«SF Motors» машина куруу компаниясы 1000 ат күчүнө барабар “SF5”, “SF7” электр кроссоверлерин тааныштырды. Бул автомобилдер бир жолу кубаттоо аркылуу 500 километр алыстыкты жүрүп өтө алышат.

Кытайдын «SF Motors» компаниясы жасап чыгарган темир тулпарлардын өзгөчөсү – аларды адамдар ичимдик ичип айдай албагандыгында. Инженерлер адамдын дем алуусу аркылуу сезген каражат аркылуу ушундай жетиштике жетип жатышат.

“SF5”, “SF7” электр унаалары 100 км/саат ылдамдыкты 3 секундда багындырат. Адистер келечекте “SF5”, “SF7” машиналары “Tesla Model X” электрокарларынын базардагы башкы атаандаштары болот деп билдиришүүдө. Аталган унаа 2019-жылы чыга баштары айтылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!