“Lada Granta” унаасы кандай болот?

13-Апр. 2018, Жума, 16:41

Интернет айдыңында жаңыдан чыгып келе жаткан “Lada Granta” авто унаасынын сүрөтү тарады. “Drom.ru” порталынын маалыматы боюнча, унаада бир нече өзгөрүүлөр байкалган.

Жаңы унаа август айында тааныштырылат. Сүрөттө жарыялангандай, автоунаа седан болуп чыгат. Сырткы көрүнүшүндө радиатордун тору менен капоту өзгөргөн. Төмөнкү бөлүгүнө туманга каршы шам орнотулган.

Жаңы “Lada Granta” унаасынын салонунда да өзгөрүштөр бар. Бирок кандай болоору азырынча белгисиз. Ал техникалык жактан алып карасак буга чейин кандай болсо ошол бойдон сакталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!