Жол эрежесин бузган жөө жүрүүчүлөргө суу чачышат

24-Апр. 2018, Шейшемби, 16:59

Система фотоаппарат функциясы менен жабдыкталган: эрежени бузган адамдын сүрөтү автоматтык түрдө тийиштүү органга жөнөтүлөт жана ошондой эле, жолдун жанындагы экранда көрсөтүлөт.

Кытайдын Хубэй провинциясында жаңы система жөө жүргүнчүлөрдүн жол эрежесин бузгандыгы үчүн сынактан өткөрүлүүдө.

Жөө жүргүнчү жолду кызыл жарык күйгөндө өтүп аракеттенген учурда, ал атайы орнотулган мамылардан жылуу суу чачырайт. Ошону менен бирге ал динамикадан: «Сураныч азыр өтпөй туруңуз кооптуу», - деген үн угат.

Система жол эрежесин бузган жаранды сүрөткө тартып алып полиция кызматкерлерине берет. Бул системаны иштеп чыгуу үчүн 207 миң доллар кеткен.

"Эгер ал ийгиликтүү сынактан өтсө, шаардын баардык көчөлөрундө орнотулмакчы", - деп маалымдалат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!