Корея “Kia Niro” электр кубатын киргизди

7-Май 2018, Дүйшөмбү, 10:57

Кроссовер Европада күз айларында сунушталат. Кореяда толугу электрленген крассовер “Kia Niro EV” чыкты. Жаңы унаа Европада бул жылдын күз айында тааныштырылат. Бул тууралуу “Autocar.” сайты маалымдайт.

Унаанын базалык улгүсү сыйымдуулугу 39,2 кВт / саат болгон литий-полимерлик тарткыч аккумуляторго ээ. Заряд 240 километр айдаганга жетет. Ошону менен бирге эң жогорку нускасы 64 кВтсаат аккумулятор менен жабдыкталган, кубаты 380 км.

Автоунаанын күчү ар түрдүү болот - 135 жана 240 ат күчүнө барабар.

Мекенинде унаа 40 миң долларга сатылса, ошол эле учурда гибриддик нускасы 22 миң долларга сатылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!