“Ford F-150” жүк ташуучу унаасын чыгарууну токтотту

10-Май 2018, Бейшемби, 15:29

Дүйнө элдери үчүн бестселлер болуп саналган “F-150” жүк ташуучу унаасын “Ford” компаниясы убактылуу чыгарууну токтотту. Анткени, ишкана объектисинде жүк ташуучу унаанын запастык бөлүктөрү өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу “CNN” маалымат булагы билдирүүдө.

“Ford” компаниясы “F-150” жүк ташуучу унаасын Мичиган штатындагы Дирборн заводунда чыгарат. Ушул жана Миссури штатындагы Канзас-ситиге жакын жердеги заводдо жүк ташуучу унаа убактылуу токтотулду.

Бул дүйнөдөгү эң жакшы жүк ташуучу унааларды чыгаруучу эки завод болуп саналат.

“F-150” жүк ташуучу унаасын аталган компания АКШда 40 жылдан ашык убакыт бою чыгарып келген. “Ford” компаниясы үчүн дал ушул унаа киреше булагы болуп эсептелет.

Мындан сырткары, компания “Ford F-Series Super Duty” пикабын чыгарууну да убактылуу токтотту. Ал Кентуккидеги заводдун бир нече убакытка жабылганын билдирет.

Компания АКШда акыркы төрт ай ичинде 287 000 унаа саткан. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 4 пайызга жогору. Эки заводдо 7600 жумушчу иштейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!