Ретро-дизайндагы электр унаа

Ретро-дизайндагы электр унаа
12-Май 2018, Ишемби, 15:35

Чехиянын "MW Motors" компаниясы "Luka EV" электр унаасын жасап чыгарды. 4 метрлүү "Luka EV" унаа 1950-60-жылдарда чыга баштаган. Бул унаа алдынан караганда "Volkswagen Karmann Ghia"ды, артынан "Аston Martin DB4”кө окшошуп кетет.

"Luka EV" жалпысынан 68 ат күчүнө ээ, төрт электр кыймылдаткычтан турат. 815 килло тураган унаанын спидометр көрсөткүчү 9,6 секундда 100гө чейин көтөрүлө алат. Максималдуу ылдамдыгы саатына – 146 чыкырым.

Электрокардын кыймылдаткычы 21,9 кВтс көлөмдөгү батареядан кубат алат. Батарея кубаты 300 чакырымга чейин жетет. Электркардын өзгөчөлүгү 1 саатта 80 пайыз кубаталуу каражаты менен, булгары орундук менен, аба-ырайын байкоо, навигациялык мультимедиа менен жабдыкталган. Ушул убакта аталган электрокар болжол менен 20 миң еврого сатылышы мүмкүн.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!