Папанын унаасы аукциондо 715 миң еврого сатылды

Папанын унаасы аукциондо 715 миң еврого сатылды
15-Май 2018, Шейшемби, 17:48

Рим папасы Франсисконун “Lamborghini Huracan” ак түстөгү суперкары Монакоддогу “Sotheby’s” аукцион үйүндө сатылды. Бул тууралуу “Lenta.ru” сайты маалымдайт.

Рим папасынын кол тамгасы бар унаа 715 миң еврого сатылды. Бул ушундай унаанын базардагы баасынан төрт эсе кымбат. Сатуудан түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалат. Ошондой эле түшкөн каражаттан үй-бүлөөлөрүн таштап кеткендерди Ирактан кайтарып алуу үчүн да жумшалат.

Алтын сызыктуу ак түстөгү унааны Рим папасына өткөн жылы италиялык унаа өндүрүүнүн башчысы менен кездешүү кезинде белек кылган. Унааны аукциондо сатуу тууралуу чечим ошол кезде кабыл алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!