Метил спирти менен жүргөн суперкар көрсөтүлдү

Метил спирти менен жүргөн суперкар көрсөтүлдү
18-Май 2018, Жума, 15:38

Aiways Пекин автосалонунда кытайлык “Aiways” стартабы “Audi Motorsport” компаниясынын мурунку башчысы Роланд Гумперттин ысы менен аталган “RG” электр суперкарын көрсөттү. Бул тууралуу "near-future.ru" сайты маалымдайт.

73 жаштагы инженер «Aiways»тун өндүрүш директору катары иштейт. 2019-жылга чейин Германиядагы заводдо метил спирти боюнча электр унааны чыгаруу күтүлүүдө.

Суперкардын кузовунун панели көмүртектин талчаларынан жасалган. Машинанын салмагы 1600 кг.


Нөлдөн баштап саатына 100 чакырымга чейин “Aiways RG” электр автомобил 2,5 секундда жүрө алат. Максималду ылдамдыгы - саатына 300 км. Адаттагы режимде кубатты болжол менен 600 чакырым, экономдуусу – 1200.

"Gumpert Nathalie” 300-500 миң евро баа менен бренддин алдынкы үлгүсү болуп калат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!