Учуучу гибрид такси

Учуучу гибрид такси
21-Май 2018, Дүйшөмбү, 15:24

Түрлүү стартап менен “IT” багыттагы жаңы башталгычтарга арналган “Elevate” конференциясында “Uber” компаниясы учуучу гибридди такси прототибин көрсөттү. Жобо тик учак менен учактын бириктирилген нускасына окшойт. Мындай унаанын алгачкы модельдери 2023-жылга карата чыгат деп пландалып жатат.

Гибридтүү таксиге төрт горизонталдуу айлануучу айланма ротор орнотулган. Учуучу такси электр кубаты менен жумуш иштейт. Унаа 600 метр бийиктикке чейин уча алат. Мындай аба таксиси атайы жабдыкталган конуу аянттары бар бийик имараттар ортосунда ташымалдоо жасайт деп болжолдонууда. Компания гибриддик унаа саатына 200 ирет жол жүрүү мүмкүндүгүнө ээ экенинин айтат. Алгачкы учкучтун жардамы менен учат, бирок кийинчерээк алар автоматтык байкоого алынат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!