Маск эки моторлуу “Tesla” унаасын тааныштырды

Маск эки моторлуу “Tesla” унаасын тааныштырды
22-Май 2018, Шейшемби, 09:58

“Tesla” эки кыймылдаткычы бар “Model 3” унаасын жасап чыгарат. Бул тууралуу компаниянын башчысы Илон Маск “Twitter”деги баракчасына билдирди.

Анын айтуусу боюнча, мындай унаа менен жүрүүнүн өзү-ырахат. “Tesla”нын “Model 3” унаасы саатына 96 километрге жүрүү үчүн 3,5 секундда ишке кире алат. Максималдуу ылдамдыгы саатына - 250 километр. Ал эми аккумулятордун кубаты 500 километрге чейин жетет.

Мотордун бирөө унаанын алдынкы жагында, экинчиси арткы бөлүгүндө орун алган. Толугу менен камсыздалган “Tesla” 78 миң доллар турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!