“Tesla”нын акциялары 4 пайызга кымбаттады

“Tesla”нын акциялары 4 пайызга кымбаттады
26-Май 2018, Ишемби, 10:56

"Дүйшөмбү күнү “Tesla”нын акциялары 4 пайызга кымбаттады. Буга чейин акырындап көтөрүлүп келе жаткан акциялардын өсүүсүнө компания башчысы Илон Масктын жаңы “Model 3” унаасынын өндүрүшүн жакшыртуу тууралуу маалыматы себеп болду",- дейт адистер.

Эксперттер “Tesla”нын болочогу “Model 3”дүн (баштапкы баасы 35 миң доллар) базарда ийгиликтүү сатылуусуна байланыштуу деп эсептешет.

“Model 3” электрунаасы үч секундда 95,6 км/саат чейин ылдамдыкты көрсөтөт жана бир жолу электр кубатын алгандан кийин 500 км-ди басып өтөт алат.

2018-жылдын биринчи жарымында “Tesla” 785 млн доллар чыгым менен аяктаган эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!