Арзан электр унаалары “Tesla”га кандай таасир берет?

Арзан электр унаалары “Tesla”га кандай таасир берет?
28-Май 2018, Дүйшөмбү, 09:58

“Tesla” компаниясынын башчысы Илон Маск “Model 3” электр унаасын арзан баа менен сатуу үчүн жумасына 5 миң дана унаа чыгаруу керек экенин айтып берди.

“Азыр “Model 3”түн эң арзан үлгүсүн чыгаруу “Tesla”нын алгач эле акчасын жоготууга, андан кийин банкрот болуп кетүүсүнө алып келет. Бирок алдыдагы 3-6 айда кризистен чыгуу үчүн 35 миң доллар турган “Model 3”тен жумасына 5 миң даана унаа чыгарууга тура келет”,-деди Маск.

“Model 3” жалпы колдонууга ээ болгон арзан унаа катары тааныштырылды. Анын баштапкы баасы 35 миң доллардан башталды.

Айта кетсек, “Tesla” компаниясы 2018-жылдын биринчи жарымында 785 млн доллар чыгым менен жапты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!