Дүйнөдө сейрек кездешкен “Apollo IE”

Дүйнөдө сейрек кездешкен “Apollo IE”
1-Июнь 2018, Жума, 13:11

“YouTube”дун “Supercars of Austria” каналынын авторлору сейрек кездешкен гиперкарлардын бири – “Apollo Intensa Emozione” унаасын жарыялашты. Монако көчөлөрүнөн "Purple Dragon” (Күлгүн дракон) деп аталган машинаны үлгүсү байкалган. Жалпысынан “Apollo Automobil IE”нин 10 даанасын чыгарууну пландап жатышат жанан алардын баары сатылган.


“Apollo Intensa Emozione”дин негизин монокок көмүр пластиги түзөт. Карбондон субфрамалар (подрамник) менен гиперкардын кузову жасалган. Модель италиялык “Autotecnica Motori” айдоочуларына арналган 6,3 литрлик атмосфералык “V12” кыймылдаткычы менен жабдыкталган. Агрегат 780 ат күч (760 Нм тегеренүү) чыгарат жана алты кадамдуу “Hewland” коробкасы менен бириктирилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!