Өзбекстан “Matiz” унаасы чыгарууну токтотот

Өзбекстан “Matiz” унаасы чыгарууну токтотот
2-Июнь 2018, Ишемби, 11:42

2018-жылдын июль айынан тартып “General Motors Uzbekistan” "Daewoo Matiz” унаасын чыгарууну токтотот. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы маалымдайт.

Анын башкы себептеринин бири моделдин диапазондуу жаңыртууга арналган программасы, ошондой эле, моделдин моралдык жана техникалык жактан эскирүүсү болуп саналууда.

Ички соода-сатыкта хэтчбек “Chevrolet” бренди менен сатылса, ал эми башка өлкөлөргө автомобилдин бул модели «Uz-Daewoo» деп аталган.

Белгилей кетсек, бул унаа 1998-жылдан тартып Түштүк Кореяда “Daewoo” бренди менен чыгып келген. Ал эми үч жылдан кийин Өзбекстанда чогултулуп сатыла баштаган. Белгилей кетсек, Кореяда бул “матиз” унааларынын биринчи мууну он жыл мурда эле чыкпай калган.

Эскирген моделдин ордуна “GM Uzbekistan” быйыл “Chevrolet Tracker” кроссоверин чыгарат. Унаанын 140 ат күчү бар 1,8 литрлик кыймылдаткыч менен жабдыктоо пландалууда. Өндүрүчүүлөр 100 чыкырымга 8,1 литр сарпталарын убада беришүүдө. Мындан сырткары, унаа беш орундуу, навигатор жана арткы көрүнүшү бар 7 дюймдук сенсорлук экран менен жабдыкталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!