Унааны мотоциклде ташып жүрөт (видео)

Унааны мотоциклде ташып жүрөт (видео)
7-Июнь 2018, Бейшемби, 11:42

Автомобилдерди ташымалдоонун бул жолу туура эмес болсо дагы муну менен кытайлык айдоочунун тажрыйбалуулугун көрсөткөндөй.

Кытайдын Чжэцзян провинциясынын тургундары өзгөчө көрүнүшкө күбө болушту: күндүн чак түшүндө үч дөңгөлөктүү мотоцикл унааны жүктөп алып жүрүп бара жаткан. Муну көргөн күбөлөр тартып алып, социалдык тармакка жүктөшкөн.


Бир убакта аны полиция кызматкери токтоткон, ал бул унааны 800 юанга сатып алганын жана тектиктерге бөлүп сатуу үчүн алып бара жатканын айткан. Ал эми унаа өз алдынча жүрө албаарын жана эвакуатор жалдоо кытайлык үчүн кымбатка турган. Унааны сатып андан акча өндүрүү ал үчүн эми мүмкүн эмес чыгаар. Анткени полиция ага 1300 юань айып пул салган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!