“Tesla” жаңы “Model Y”нун сүрөтүн көрсөттү

“Tesla” жаңы “Model Y”нун сүрөтүн көрсөттү
7-Июнь 2018, Бейшемби, 11:59

Илон Масктын компаниясы келечектеги инновацияларга кызыгууну арттырууда, алардын бири чакан кроссовер болушу мүмкүн. Айта кетиш керек, жарыя болгон сүрөттө жаңы моделдин үлгүсү тууралуу толук айтуу кыйын, бирок бир аз маалымат алууга болот. “Tesla”нын башчысы Илон Маск билдиргендей жаңы моделдин бет ачары 2019-жылдын март айында өтөт.

Болжолдуу түрдө, жаңы “Model Y” электр кыймылдаткычынын негизин "Model 3” унаасынын платформасы түзмөкчү. Расмий эмес маалыматка ылайык, электрокар эки моторго ээ болот — алдыңкы жана арткы бөлүктө орун алмакчы. “Tesla”нын моделдик тизмесинде бул унаа “Model X”тен бир баскыч төмөн турмакчы.

“InsideEVs” маалымат булагынын билдирүүсүнө карата жаңы кроссовердин баасы 45 000 доллардан башталмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!