“Peugeot 508” расмий түрдө сунушталды

“Peugeot 508” расмий түрдө сунушталды
8-Июнь 2018, Жума, 13:21

“Peugeot 508 SW” унаасы элеганттуу экстерьерге ээ болуп, ал тегиз сызыктары (линия) менен айырмаланат.

Француздар жаңыртылган универсал “Peugeot 508 SW”ти сунуштайт. Өзгөчө сызыктары бар дизайны менен айырмаланат. Жаңы унаа Париждеги мотор-шоудо көрүүгө болот. Бул тууралуу “Top Gear” маалымат булагы маалымдайт.

Универсалдын дизайны рамасы жок айнек жана динамикалык профиль менен жабдыкталган.

“Peugeot 508 SW” мурунку унаадан көп нерсени алган- хром, жарык диоддуу оптика, 10-дюймдук тачскрин жана 12,3 дюймдук цифрлык приборкага ээ.

Ошондой эле, автомобиль 200-250 метрде эффективдүү жумуш иштеген түнкү системасы менен жабдыкталган. Кыймылдаткычтын жыйынтыгы 180 жана 225 ат күчүнө барабар, 1,6-литрлик турбо кыймылдаткычка, “BlueHDi” 1.5 жана 1.2 дизельдик кыймылдаткычты камтыйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!