Адамдарды ташыган дрон чыкты

Адамдарды ташыган дрон чыкты
12-Июнь 2018, Шейшемби, 15:42

Бейжин авиациясы жана мейкиндик университетинин инженерлери бир тоннага чейинки жүктү алып, 1500 чакырым алыстыкты учуп өтө алган учкучсуз башкарууга мүмкүн болгон учакты жасап чыгарды. Аталган аппарат дрондор арасындагы эң ири техника болуп саналат.

Компания инженерлеринин айтуусу боюнча, азырынча ага ат бериле элек, дрон 9 адамды ташый алат. Анын канаттары 19,6 метр болуп, саатына 360 чакырымды басып өтө алат. Аба кемесине эки кыймылдаткыч орнотулган.

2020-жылга карата учакты алгачкы сынактардан өткөрө башташат. «Сынактар маалы болсо 2025-жылга карата дронду толугу менен жасап чыгарып, сатууну пландап жатабыз», – дейт "Beihang" компаниясынын технологиялык дизайнери Чжан Шоу.

Жакынкы күндөрү "Beihang" "Alibaba Group" соода корпарациясына караштуу "Sainiao" логистика компаниясы менен бул дрондорду жакшыртуу жана сатуу боюнча өз ара бирлешкен документке кол коюшту.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!