“Audi Q8”дин узундугу канча болот? (фото)

“Audi Q8”дин узундугу канча болот? (фото)
14-Июнь 2018, Бейшемби, 13:28

“Audi” компаниясы “Q8” жаңы кроссоверин сунуштады. Моделдин презентациясы Кытайдын Шэньчжэн шаарында атайы расмий ачылыш менен өттү. Бул тууралуу «Motor» маалымат булагы маалымдайт.

Жаңы унаанын узундугу 4,99 метр, туурасы эки, ал эми бийиктиги 1,71 метрди түзөт.

“Q8” беш орундукка ээ болушу мүмкүн, бирок “Q7” сыяктуу жети орунга да тапшырыш бере аласыз. Жаңы “Audi”нин жүк салгычынын кенендиги арткы эшиктер көтөрүлгөн кезде 605 литрди, ал эми жыйналган убакытта 1755 литрди түзөт экен. Автоунаанын дизелдик кыймылдаткычы 2145 кг оорлукка ээ.

Унаа үч литрлик бензин менен дизелдик кыймылдаткыч менен жабдыкталган. Алар 340 жана 286 ат күчүнө ээ.

Бензин кыймылдаткычында сегиз диапазондуу ылдамдыкты түзгөн автомат корабка бар. Дизелдин интерпретациясы 6,3 секундта 100 км/с ылдамдык мнен камсыз кылынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!