“Porsche”ден алгачкы электр унаа

“Porsche”ден алгачкы электр унаа
20-Июнь 2018, Шаршемби, 10:21

Бул атактуу унаа “Porsche” компаниясынын 70-жылдык маарекесине байланыштуу жарыкка чыгат. 600 аттын күчү бар эки синхрондуу мотор менен жабдыкталган машина “Taycan” деп аталат. Жеңил унаа болгону 3,5 секундда саатына 100 чакырым ылдамдык менен жүрө алат.

“Porsche” компаниясынын башчысы Оливера Блюмдун айтуучу боюнча, “Taycan” маркасындагы “Porsche” унаасы 2019-жылдан баштап саттыкка чыга баштайт. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк унаа базарында белгилүү брендке айланган “Porsche” унаасынын тарыхы тереңде жатат. Керек болсо унаанын, биринчи жарыкка чыгып, түрдүү кыйындыктарга туш болуп кураштыруу иштери токтоп калган кездеги учурлар дүйнө жүзүнүн тарыхый окуялары менен байланыштуу.

Эскерте кетсек, “Porsche” компаниясынын негиздөөчүсү – Фердинанд Порше.

Гитлер 1934-жылы Фердинанд Поршеге элдин чөнтөгүнө туура келген унааны чыгарууга буйрук берген. Көп өтпөй немис автосалондорунан “Volkswagen” маркасындагы темир тулпарлар жарык көргөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!