Европа өлкөлөрүндө эң көп сатылган унаалар

Европа өлкөлөрүндө эң көп сатылган унаалар
22-Июнь 2018, Жума, 14:04

Эксперттер 2018-жылдын апрель-май айларында Европанын 44 өлкөсүндө, анын ичинде Россия, Украина, Түркия менен Молдовада эң көп сатылган жаңы автоунаалардын моделдерин аныкташты. Бул тууралуу “RNS” маалымат булагы маалымдайт.

“Focus2Move”тун эсептөөлөрү боюнча, рейтингди 243 миң унаага жакын көрсөткүч менен “VolkswagenGolf” башында турат. Бул 2017-жылдагы көрсөткүчтөн 8,1 пайызга жогору, ошондой эле көч башчылардын ичинде “VW Polo” (161 миң жана 3,6 пайызга сатылуусу төмөндөгөн) жана “RenaultClio” (161 миң, +0,3 пайыз) бар.

2018-жылдын башынан бери Европада эң көп сатылган жаңы унаалар моделинин алгачкы ондугуна “FordFiesta” (136 миң), “NissanQashqai” (132 миң) “SkodaOctavia” (125,5 миң) жана “VolkswagenTiguan” (125,3 миң) кирди. Ошондой эле, көч башчылардын биринчи ондугуна – “FordFocus” (117 миң), “Peugeot 208” (113 миң) жана “Citroen C3” (101 миң) бар.

2009-жылдан бери дүйнөдөгү жеңил унаалардын сатылышы жылына 2-3 пайызга өсүп келе жатат. Акыркы беш жыл ичинде жаңы автоунаалардын дүйнөлүк сатылышы 80 миллиондон 94 миллионго чейин өскөн. 2018-жылы унаа базары 98 млн жеңил автоунаага чейин өсүп, ал эми 2019-жылы сатылыш 100 миллиондон ашат деген божомолдор бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!