“Volvo” компаниясы учуучу унаасын сунуштады

“Volvo” компаниясы учуучу унаасын сунуштады
7-Сен. 2018, Жума, 12:30

“Volvo” компаниясы айдоочусуз башкарыла турган "360c" учуучу унаасын жасап чыгарды. “Volvo” инженерлеринин маалыматы боюнча, автомобиль жакынкы аралыкта учкан учактар менен атаандаша алат.

Унаанын салону таптакыр жаңы көрүнүшкө ээ. Анын ичинде айдоочунун отургучу, руль жана башка тетиктер жок. Бирок “360c” супер унаасы төрт максатта пайдаланууга болот. Алар: жатуучу орундук, мобилдүү кеңсе, үй жана оюн үчүн. Бул үчүн унаада бардык жагдай жасалган.

Унаа сырткы добуштарды, түстөрдү, жарык эффектилерин көрсөтүп, жүргүнчүлөргө “маневр” операциялары тууралуу билүүгө мүмкүнчүлүк берет. Унаанын коопсуздук системасы жүргүнчүлөргө өзгөчө кырдаалдар жана жол кырсыктары тууралуу алдын ала кабарлап турат. Бирок аларга эмне кылыш керектигин жана өзүн кандай алып жүрүш керек экенин көрсөтпөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!