“Audi” өзүнүн биринчи электр унаасын тааныштырды

“Audi” өзүнүн биринчи электр унаасын тааныштырды
17-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 12:01

Жаңы видеодо брэнд электр унаасын ойлоп таппаганын билдирип, бирок көрсөтө турган жактары бар экенин баса белгилеп кеткен.

“Audi” компаниясы жаңы видеону жарыялады. Ал роликте — бул брендин биринчи электр унаасы көрсөтүлгөн. Компания унаанын тетиктерин көрсөтүп жана бардык аба-ырайына чыдамкай экени айткан.

Видеонун премьерасы 17-сентябрда “Эмми” сыйлыгын тапшыруу аземинде жалпы элге көрсөтүлөт. Унаа сатыкка 2019-жылдын башында чыга баштайт, бирок азыртан баштап тапшырык кылса болот.

2020-жылы “Audi” компаниясынын кем дегенде үч моделдеги унаасы чыгып калат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!