Улуу Британия учуучу такси жасап чыгарды

Улуу Британия учуучу такси жасап чыгарды
20-Сен. 2018, Бейшемби, 11:09

Алдыңкы төрт жылда Улуу Британияда “EVTOL” (Electric Vertical Take Off and Landing) тик учуучу жана коно турган электр батареясы менен иштеген такси пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу “The Times” маалымат булагы кабарлайт.

“The Times” гезити жазгандай, өзгөчө учуучу каражат жергиликтүү аэропорттордун жумушун жеңилдетип, атмосферага көмүр кычкыл газынын таралуусун азайтат. Түзүмдү 2016-жылы Бристолде Стивен Фитцпатрик негиздеген “Vertical Aerospace” авияция компаниясы жасап чыгарды.

Учуучу аппарат тийиштүү коопсуздук сертификаттары алынгандан кийин 2022-жылы пайдаланууга берилет. Сынактан өткөн үлгүсү 150 чакырымга чейин төрт жүргүнчүнү ташыйт. Учуучу таксинин максималдуу ылдамдыгы 300 км/саатты түзөт. “Vertical Aerospace”тин өкүлдөрү белгилеп кеткендей, учуучу такси шаарлардын арасында катайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!