“BMW” унааларынын добушу менен «акылы» болот

“BMW” унааларынын добушу менен «акылы» болот
22-Сен. 2018, Ишемби, 10:00

Бавариянын “BMW” компаниясы автоунааларды башкарууда унаага интеллектуалдуу жардамчы менен жабдыктаган. Анын негизги максаты айдоочуга унааны башкарууда максималдуу жардам берүү менен көптөгөн кошумча функциялар орнотулган.

“Amazon Alexa”тин негизинде жасалган жаңы технология керек болсо адамдын түздөн-түз буйругусуз, түшүнө алат. Мисалы, «ысып\үшүп жатам» деген сөздү жардамчы климат-системаны туура режимге коё алат. Ушул сыяктуу эле функцияларды башкаруу, алысты көрсөтүүчү фаралар, навигация, “дворник”тин жумушу жана оюн-зоок тармагындагы системасынын милдеттерин ишке ашырууга мүмкүн болот.

Бирок баарынан да таң калычтуусу – “BMW” жасалма интеллект менен камсыз болгон, тактап айтканда ар дайым өзүн-өзү үйрөтүү жөндөмүнө ээ болот. Ал сиздин жол маршрутуңузду, салондун температурасын эсте сактап калат. Керек болсо алыс жолдо уктап калбаш үчүн ал сиз менен сүйлөшүп барганга да даяр.


Унаа өндүрүчүлөрдүн маалыматы боюнча, “BMW”нын үн коштогон жардамчысы, жөн гана маалымат системасы эмес, ал энциклопедиядагы суроолорго да жооп берүүгө даяр. Мисалы, «Кайсы жылы Цукерберг дүйнөгө келген?» жана башка. Бул жөндөмдөрдөн сырткары, жаңы автомобиль ассистенти кайсы жерде күйүүчү май арзан, кайсы жакын жерде дүкөн бар экенин, жол тыгындары тууралуу так маалымат берет.

Ошондой эле, ал “Skype” менен байланышта болуп ар убак кыймылдаткычта чыккан добуштар, эмнеге датчик өчүп-күйүп жатканын жана унаа үчүн кандай техникалык кызмат көрсөтүү керек экенин айтып турат.

Алгач “BMW” эркектин добушу аркылуу сүйлөйт. Бирок ага карабастан ал 23 тилди түшүнө алат жана ага каалаган ысым ыйгара аласыз.

Бул унаалар 2019-жылдын март айнан тартып чыга баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!