“Audi” “Horch” маркасындагы унааларды чыгарат

“Audi” “Horch” маркасындагы унааларды чыгарат
25-Сен. 2018, Шейшемби, 12:53

Эскерте кетсек, “Horch” деген аталыш XIX кылымдын аягына туура келет. Бул аталыш менен 1899-жылы атактуу Август Хорьх өз компаниясын курган. Жыйынтыгында, акционерлер менен болгон конфликттен улам Август жаңы фирма курууга мажбур болгон. Ал эми фирманы өз ысымы менен атаган.

“Horch” сөзү немец тилинен которгондо “ук” дегенди түшүндүрөт. Ал эми латын тилинде Хорьх сөзү "Audi” аталышын алган.

“Automotive News”тун маалыматы боюнча, 2021-2022-жылдары “Horch” маркасындагы автомобилдерин чыгаруу пландалууда. Бул аталышты эң кымбат модификациядагы “Audi A8” унаалары алышы мүмкүн. Бул машиналар кымбат дизайнга ээ болушат жана күчтүү кыймылдаткыч менен да жабдыкталышы ыктымал.

“Horch” аталышындагы унаанын атаандашы катары "Mercedes-Maybach S-класс” болуусу айтылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!