Трамптын жаңы лимузини Манхэттенди аралап чыкты (видео)

Трамптын жаңы лимузини Манхэттенди аралап чыкты (видео)
27-Сен. 2018, Бейшемби, 10:39

АКШ президентти БУУнун башкы штабына жетиш үчүн “Зверь” (The Beast) деп аталган автомобилди тандады.

Эскерте кетсек, Трамптын лимузини “Cadillac”тын негизинде куралган. Унаанын узундугу 5,5 метр болсо, салмагы 8 тонна. Машина 20 сантиметр болгон брондолгон эшик менен, 12 сантиметр брондолгон айнек менен жабдыкталган. «Зверь» ири калибрлүү куралдан атылган окко туруштук бере алат жана жарылган дөңгөлөктөр менен да жүрүп кетет берет. Унаанын баасы 1,2 миллион долларга бааланган.

Расмий эмес маалыматтар боюнча, унаа өрткө каршы күрөшүү системасы, көздөн жаш агызычуу газ, кабинаны аба аркылуу чыпкалоо, президентке арналган кан жана тез жардам көрсөтүү үчүн медициналык жабдуулар менен камсыздалган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!