“Chevrolet” “Gelendvagen”дин атаандашына айланды

“Chevrolet” “Gelendvagen”дин атаандашына айланды
1-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 14:17

Алты дөңгөлөктүү автоунаага таң калбай калган кезде, америкалык компания дагы бир унаа жасап чыгууну чечкен.

«Hennessey Performance Engineering» америкалык тюнинг студиясы өзүнүн «жапайы» жоболору менен белгилүү. “Chevrolet Silverado” аттуу алты дөңгөлөктүү модификациясын сунуштады. Автоунаа “Goliath 6×6” деген аталышка ээ болду.

Эгер сиз алты дөңгөлөктүү унаа алууну кыялданып жүргөн болсоңуз, эми сизде андай мүмкүнчүлүк бар. Болгону 24 гана даана чыгарылмакчы, ошондуктан шашылыңыз. Компания ар бир автомобилди 375 миң долларга баалаган.

Албетте сырткы өзгөрүүлөрдөн сырткары, автомобиль 705 ат күчүнө, 6,2 литрлик V8 кубатындагы компрессорго жана 914 Нм айланууга ээ болмокчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!