Полиция кызматкерлерине өзгөчө унаа тартууланды

Полиция кызматкерлерине өзгөчө унаа тартууланды
3-Окт. 2018, Шаршемби, 15:31

Дүйнөдөгү өзгөчө унаага Маяминин полиция кызматкерлерине тапшырылды. Бул унаа "Polaris Slingshot” трицикл деп аталат жана аны жеке компаниялардын бири белекке берген.

Бул унаанын негизги милдетти жарандардын көңүлүн өзүнө буруп, кызматкерлерге болгон мамилени жакшыртуу.

«Биз ишенебиз бул үч дөңгөлөктүү транспорт полиция кызматкерлери менен жарандардын ортосундагы “музду эритет”. Чоңдор, балдар жана кыйын жаш өспүрүмдөр мындай өзгөчө унааны көчөдөн көргөндө ичине отуруп, сүрөткө түшүп, айдап көргүлөрү келет деп ойлойбуз. Анын жардамы менен полиция кызматкери менен жөнөкөй жарандын ортосунда жылуу отуруп сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк туулат», – дейт Майами полиция департаментинин башчысы Энрике Гонсалес.

“Polaris Slingshot” трицикли 20 000 доллардан баштап сатылат. Унаа эки кишилик орундукка ээ жана үч дөңгөлөктүү. Ал сирена менен жана күйүп-жанган маяк менен жабдыкталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!