“Toyota” компаниясы эмнеге унааларын артка кайтарууда?

“Toyota” компаниясы эмнеге унааларын артка кайтарууда?
8-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 11:17

Япониянын “Toyota” компаниясы техникалык мүчүлүштүктөр менен дүйнө жүзүнө сатылып кеткен баардык унааларды артка кайтарып алышаарын жарыялашты.

Ал эми ал унаалардан кандай кемчиликтер кеткендиги тууралуу азырынча так маалымат жок. Кээ бир маалыматтарга караганда, унаанын техникалык мүчүлүштүктөрү кыймылдаткычтын өчүп калуусуна байланыштуу болушу мүмкүн.

2008-жылдын октябры менен 2014-жылдын ноябрь аралыгында чыгарылган “Prius” жана “Auris” маркасындагы унаалар артка кайтарылууда. Мындай мүчүлүштүктөрү бар унаалар Япониянын өзүндө 1,25 миллион, Түштүк Америкада 830 миң, ал эми Европада 280 миңи бар экендиги айтылууда. Ошону менен катар Кытай, Африка сыяктуу өлкөлөргө да тарап кеткенге жетишкен.

Азырынча бул унаалардын техникалык мүчүлүштүктөрүнө байланыштуу эч кандай жол кырсыктар тиркелген эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!