Жогорку ылдамдыкта жүрүп бара жаткан унааны кантип тартышат?

Жогорку ылдамдыкта жүрүп бара жаткан унааны кантип тартышат?
9-Окт. 2018, Шейшемби, 14:12

Сиз жогорку ылдамдыкта жүрүп бара жаткан суперкарды кантип фильмдерге жана жарнамаларга тартышат деп кызыгып көрдүңүз беле?

Бул үчүн атайы бат жана так тарткан камералар колдонулат. Мисалы, бул сүрөттө көрүп жаткан “Lamborghini Huracan LP610-4” унаасы, өзүн жана башка суперкарларды тартуу үчүн профессионалдуу видеокамера “RED Epic 8K” менен жабдыкталган. Ал жарык сезүүсү күчтүү, тартуу ылдамдыгы секундасына 60 кадр, 8192 x 4320 пиксельдик колдоого ээ.

Камераны спорткардын алдынкы капотуна коюшкан. Анын жардамы менен спорттук оюндар болуп жатканда дагы эффективдүү тартуу иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Баса, бул камераны “көздөрү” үчүн тамашалуу түрдө “Huracam” деп атап коюшат. Анткени, камераны капотко орноткондон сырткары, тартууга арналган туракташтыруу системасы жана унаанын ичинен камераны башкаруу да каралган.

Андан башка кошумча модификация менен автомобиль жабдыкталган эмес. Ошондуктан “Lamborghini Huracan LP610-4” 5,2-литр “V10” кыймылдаткычы 610 ат күчүнө ээ болуп, 322 км/с ылдамдыкта жүрө алат.

Азыркы күндө “Lamborghini” унаасына орнотулган “Huracam” видеокамерасы эң жогорку ылдамдыкта иштей алган түзүм болуп саналат.

Кийинки жолу сиз суперкардын жогорку ылдамдыкта тартылган фильм көрүп калсаңыз, ал “Huracam” камерасы менен тартылганын эстей жүрүңүз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!